УКМК Кыргызстан Афганистанга мунай экспорттойт деген маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Эмиль СадыровМай ташуучу унаа. Архив
Май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Комитеттен билдиришкендей, буга чейин бир катар ЖМКларда "Афганистанга Кыргызстандан мунай зат жөнөтүлүп жатат" деген маалыматтар чыккан.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстан Афганистанга мунай зат экспорттогон жок. Мындай билдирүүнү УКМК таратты.
Комитеттен билдиришкендей, буга чейин бир катар ЖМКларда "Афганистанга Кыргызстандан мунай зат жөнөтүлүп жатат" деген маалыматтар чыккан.
"Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пунктулары аркылуу жарандарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Дагы бир токтомго ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин аймагынан чыгарууга болбойт", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Андыктан комитет мунай сыртка ташылып жатат деген маалыматты төгүндөй турганын кошумчалады.
Жогорку соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
УКМК сот системасындагы коррупциядан канча миллион өндүргөнүн жарыялады
Жаңылыктар түрмөгү
0