00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Майрамда кырсыктабайлы десеңер. ӨКМдин пиротехника боюнча кеңеши

© Sputnik / Николай ХижнякПиротехника. Архив
Пиротехника. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2021
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги фейерверкти кантип тандоо керектигин жана пиротехника колдонгондо кырсыктап калуудан алыс болуу жолдорун айтып берди.
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жыл майрамынын алдында пиротехникалык каражаттарды колдонуунун негизги ыкмаларын тизмектеп берди.
Тандоо эрежелери:
сатып алып жатканда анын заводдо жасалганына көңүл буруңуз;
жарактуу мөөнөтүн сөзсүз текшериңиз;
ал кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышкан каражат жарылуу учурунда багытталган тарапка түз кетпей, тетири жакты көздөй учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жеринде короодо жыйылган чөптүн үстүнө түшүп, өрттөп жиберүү коркунучу бар;
сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөндүгү жана сатууга уруксат кагазы бар экендигин сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыкка себепкер болуп калышы толук ыктымал;
пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз;
ал эми эгерде сиз иштеген уюмда майрамдык кече үчүн фейерверк уюштура турган болсоңуз, аны жасап жүргөн кесипкөй адиске кайрылуу зарыл.
Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:
колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн. Билигин (фитиль) колуңузду созуп жандырыңыз да дароо оолактаңыз;
үйгө алып келгенден кийин өтө ысык эмес, кургак жана балдар жетпеген жерде сактоо керек;
аны колдонуу алдында нускама менен жакшылап таанышып жана көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуу зарыл. Эң коопсуз жер — короо жана бак-дарак өспөгөн ачык аянтчалар;
бала-чака, адамдар жана жаныбарлар турган жакка багыттабаңыз. Алар алысыраак болгону жакшы;
кичинекейлердин өз алдынча колдонуусуна уруксат бербеңиз;
мас болуп алып же чылым чегип жатып аны жандырууга болбойт.
Эске салсак, быйыл Бишкек мэриясы жаңы жылдык салюттан баш тартты. Алар шаардыктарды экологиялык маселелерден улам майрамда пиротехниканы колдонбоого чакырды.
Муниципалитет Бишкек — 2022 жаңы жылдык символикасын белгилүү дизайнер Нурбек Насыранбеков жана анын командасы иштеп чыгып жатканын айтып, ыраазычылык билдирген - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Мэрия Жаңы жылга карата Бишкек кандай жасалгалана турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0