Пальма аралында (Испания) Камбре Виеха жанар тоосунун атылышы уланууда. Ал 19-сентябрда башталган. Натыйжада 1,1 миң гектардан ашык аянтты лава каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды.Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгын алды.Берлинде (Германия) өлкөнүн канцлери кызматынан расмий түрдө кеткен Ангела Меркелди узатуу салтанаты өттү.Түркияда катуу бороон-чапкын катталып, алты киши мерт болду. Урагандан, имараттардын чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткени айтылды.Беларуста миграциялык кризис уланууда. Качкындар Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.Бразилиянын Бротас шаарында ыктыярчылар арыктаган жапайы буйволдорду багышкан.Новосибирск шаарында (Россия) кыштын биринчи күнүнө карата "Сибирдин аппак пляждары" акциясы өттү.Лондондо (Улуу Британияда) Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.Индонезияда Семеру жанар тоосу атыла баштады. Анын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салган. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алды.Иерусалимде (Израиль) "Аалам сулуусу" сынагы өттү.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Пальма аралында (Испания) Камбре Виеха жанар тоосунун атылышы уланууда. Ал 19-сентябрда башталган. Натыйжада 1,1 миң гектардан ашык аянтты лава каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды.
Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгын алды.
Берлинде (Германия) өлкөнүн канцлери кызматынан расмий түрдө кеткен Ангела Меркелди узатуу салтанаты өттү.
Түркияда катуу бороон-чапкын катталып, алты киши мерт болду. Урагандан, имараттардын чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткени айтылды.
Беларуста миграциялык кризис уланууда. Качкындар Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.
Бразилиянын Бротас шаарында ыктыярчылар арыктаган жапайы буйволдорду багышкан.
Новосибирск шаарында (Россия) кыштын биринчи күнүнө карата "Сибирдин аппак пляждары" акциясы өттү.
Лондондо (Улуу Британияда) Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.
Индонезияда Семеру жанар тоосу атыла баштады. Анын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салган. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алды.
Иерусалимде (Израиль) "Аалам сулуусу" сынагы өттү.
Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды
Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган "Алтын топту" жетинчи жолу алды
БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. "Ата Мекен", "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги" жана "Азаттык" партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан
2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат
Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады
Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду
Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт
Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган "Сибирдин аппак пляждары" акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат
Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды