Россия Кыргызстанга вирустарды аныктоочу мобилдик лаборатория алып берди
Россия Кыргызстанга вирустарды аныктоочу мобилдик лаборатория алып берди
Sputnik Кыргызстан
Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, вирустун жайылышына бөгөт коюуга шарт түзгөн. 07.12.2021, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Аталган комплексти тапшыруу аземи бүгүн, 7-декабрда, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунда тапшырылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.Мобилдик комплекс КАМАЗ автоунаасынын базасында салынган. Ичинде бактериологиялык жана индикациялык эки лаборатория болот. Анын жардамы менен биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап холера, чума, COVID-19 сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, пандемия маалында вирустун жайылышына бөгөт коюуга өбөлгө болгонун белгиледи.
Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, вирустун жайылышына бөгөт коюуга шарт түзгөн.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди
Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.
Россия өкмөтү Кыргызстанга техникалык жардам катары бактериологиялык жана көптөгөн индикациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ылайыкталган мобилдик лаборатория берди
Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.
Аталган комплексти тапшыруу аземи бүгүн, 7-декабрда, Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунда тапшырылды. Иш-чарага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов жана россиялык "Микроб" чумага каршы илим-изилдөө институтунун өкүлү Екатерина Найденова катышкан.
Мобилдик комплекс КАМАЗ автоунаасынын базасында салынган. Ичинде бактериологиялык жана индикациялык эки лаборатория болот. Анын жардамы менен биологиялык коопсуздук эрежелерин сактап холера, чума, COVID-19 сыяктуу коркунучтуу жугуштуу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Министрлик былтыр да Россия тарап ушундай эле төрт мобилдик лаборатория берип, пандемия маалында вирустун жайылышына бөгөт коюуга өбөлгө болгонун белгиледи.