Сүлүктүдө шахта урап, куткаруучулар төрт кишини чыгарды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРСпасение людей в обрушенной шахте в Сулюкте
Спасение людей в обрушенной шахте в Сулюкте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
ӨКМге шахталарын биринде эски тосмо урап түшүп беш адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө 13 куткаруучу тартылган.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Сүлүктү шаарында шахта урап, төрт кишини куткаруучулар аман-эсен чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМге шахталарын биринде эски тосмо урап түшүп беш адам калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө 13 куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар төрт адамды аман-эсен чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, ал эми бирөө куткаруучулар жеткенге чейин өз алдынча шахтадан чыгып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0