Мүрзө, автобус, жер. Садыр Жапаровдун ак-ордолуктарга берген убадасы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча президента КР Садыра Жапарова с жителями жилого массива "Ак-Ордо-3"
Встреча президента КР Садыра Жапарова с жителями жилого массива Ак-Ордо-3 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Жапаров Ак-Ордо-3 конушунун жашоочуларынын маселесин тез арада чечүү үчүн Чүйдү башкарган өкүлүнө бир топ тапшырма берген.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда жергиликтүү тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келерин айтып, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жана көрүстөн жок экенин белгилешкен. Алар жер алып саткан шылуундар жүздөгөн адамдардын кызыл китептерин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатканын айтып, президенттен конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү суранышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолукту.
Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолукту.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАнда жергиликтүү тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келерин айтып, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жана көрүстөн жок экенин белгилешкен.
Анда жергиликтүү тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келерин айтып, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жана көрүстөн жок экенин белгилешкен. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда жергиликтүү тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келерин айтып, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жана көрүстөн жок экенин белгилешкен.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлар жер алып саткан шылуундар жүздөгөн адамдардын кызыл китептерин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатканын айтып, президенттен конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү суранышкан.
Алар жер алып саткан шылуундар жүздөгөн адамдардын кызыл китептерин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатканын айтып, президенттен конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү суранышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Алар жер алып саткан шылуундар жүздөгөн адамдардын кызыл китептерин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатканын айтып, президенттен конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү суранышкан.
1/3
Садыр Жапаров бүгүн, 22-ноябрда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндөгү Ак-Ордо-3 конушунун жашоочулары менен жолукту.
2/3
Анда жергиликтүү тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келерин айтып, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жана көрүстөн жок экенин белгилешкен.
3/3
Алар жер алып саткан шылуундар жүздөгөн адамдардын кызыл китептерин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасап жатканын айтып, президенттен конушту Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү суранышкан.
Мамлекет башчы элдин көйгөйүн уккан соң Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырган.
"Май айына чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Антпесе тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат", — деген Жапаров.
Мындан сырткары, ал жерди борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалаган.
Садыр Жапаров Сокулук районунун мамлекеттик жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилерин ротация жасоону тапшырып, 1,5-2 жылдын ичинде мектеп жана бала бакча салуу маселеси чечилерин белгилеген.
"Президент жаңы автобустар келери менен конуштарды камсыздоо аракеттери көрүлө турганын белгиледи. Ал Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды. Ошондой эле конуштагы эки чакырым узундуктагы ички жолдун курулуш маселесин жеке көзөмөлүнө алды", — деп айтылат маалыматта.
Сөз соңунда мамлекет башчы жакын арада болчу шайлоодо элди адилеттүү добуш берүүгө чакырып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0