Бишкекте дагы бир көчөнүн бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖол куруучулар. Архив
Жол куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Реконструкциянын алкагында жолдун эки тарабына бир жарым метрлик тротуар жана Кичи Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынмакчы.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын түндүк тарабындагы Архитекторлор көчөсүнүн бир тилкеси оңдоо-түзөө үчүн жабыларын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
12-16-ноябрь күндөрү жолдун Профессор Зима (Ак-Босого конушу) менен кесилишкен жери убактылуу тосулат. Муниципалитет айдоочуларды Кыргыз жана Чүй-14 көчөсү менен жүрүүнү сунуштады.
Архитекторлор көчөсүнүн эки чакырым жерин реконструкциялоо "Бишкек шаарынын көчөлөрүн-жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун II фазасында жасалып жатканы айтылды. Муну менен катар эле эки тараптан бир жарым метрлик тротуар жана Кичи Чүй каналы аркылуу өткөн көпүрө салынмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0