Жалал-Абад: абакка нашаа ыргыткандарга бөгөт коюлду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКтын тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абадда жайгашкан №10 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери абакка тыюу салынган баңгизатты ыргыткандардын аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлер скотч менен оролгон кара-жашыл өңдөгү, атайын жыты бар заттарды алышкан. Болжолдуу түрдө анын марихуана экени айтылат. Тыюу салынган заттын салмагы 3 килограмм 450 граммды түзөт.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ЖАМКтын тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0