Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?.. Эркектин каты

© Фото / Pixabay/ PexelsКучакташып турга жуп. Архив
Кучакташып турга жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына башка айымды сүйүп калып, бирок балдарын таштап үйдөн чыгып кете албай жаткан мырзанын катын жарыялайбыз.
Саламатсыздарбы, мен азыр башымдан өтүп жаткан үй-бүлөлүк маселемди айтып психологго кат жазып отурам. Өзүм 30 жаштамын. Жубайым экөөбүздүн ортобузда эки балабыз бар. Борбордо турабыз. Мындан 1,5 жыл мурда капысынан бир кечеде купулума толгон келинди жолуктурдум. Билбейм, аялым менен жашаган учурда дайыма эле мага бир нерсе жетишпей жатканын билчүмүн. Бирок аны өзүмө так түшүндүрүп бере алчу эмесмин. Келинчегим өзү карапайым. Курбулары деле жок. Кызыккан деле иши жок. Үй оокаты, балдары, анан мен акча алып келип берсем болду. Аялдай болуп деле кылыктанып эркелебейт. Бирок балдарымдын энеси катары сыйлайм. Аялымдын мага болгон ишенимин, балдарыма жасаган камкордугун кыйып кете албай жатам. Ошентсе да аны менен түгөй катары бир үйдө жашоо мен үчүн кызыгы жок болуп калды. Анын жанында жашоомду каңгыраган бош идишке салыштырам.
Обращение к семейному психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Ажырашкандан корком... Төрөй албай жүргөн келиндин арманы
Ал эми мен жактырып калган келин ачык-айрым, жүзүнөн күлкү кетпеген жылдыздуу, ошол эле учурда чечкиндүү аял. Жактырбаганын "тарс" эле бетке айтат, өзүнүн баа-баркын да билет. Мен аны ушул турушу менен сүйүп калдым. Мурда турмуш куруп ажырашкан. Бир эркек баласы бар экен. Азыр экөөбүз жолугуп жүрөбүз, бирок келинчегим билбейт. Экөөнү салыштырып көрсөм такыр эки башка адам. Аялым түйшүкчүл. Кээде карап турсам, өзүнө кийим алуудан да акча үнөмдөп үйгө оокат алат. Ал эми атыр-патыр алууну акчаны чачып ийгендей эле көрөт. Ооба, аял кишинин сарамжал болгону жакшы. Кээде өзүн унутуп, оокат үчүн ашыкча эле жулуна бергенинен иренжип кетем. Бир жолу жаңы үйлөнгөндө гүл алып келсем, жактырбай кагып койгон. Ошондон кийин гүл бербейм. Атыр да алып берчүмүн. Аны да жактырган жок. Кыскасы, мен өзүн сүйүп караган, ошондой эле каржылык жактан көз каранды эмес аялдарды баалайт экенмин. Азыр мени үйдө балдарымдын көздөрү жана келинчегимдин эч жаман ою жок баёолугу эле кармап турат. Кантип баарын ачык айтып чыгып кетүүнү билбей жатам. Биротоло эле үй-бүлөмдү тандайын десем, өмүр бою өкүнүп жашап каларымды билип турам. Анда аялымды да бактысыздыгыма күнөөлөп, такыр эле көргүм келбей калчудай. Тирүүнүн өлүгүнө айланбай оюмдагыдай жашагым келет. Бирок кантип кетем?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Ар бир курактын өзүнө жараша сезимдери болот. Бул норма катары саналат. Мүмкүн бул жигиттин жашоосунда кайтарым сүйүү, көңүлүндөгүдөй мамиле болбогондуктан "өмүр бою башка бирөөнү издеп жүрүптүрмүн, эми аны таптым" деп жаткандыр. Ар бир адам жашоосун толуктап турчу сезимди издейт.
Учурда сиз эки адамды салыштырып жатасыз. Бирок жакшы көрүп калган айымыңызга жасаган мамилени аялыңызга да жасап көрсөңүз, мүмкүн ал да кулпуруп чыгар. "Бир жолу гүл, атыр-патыр берсем аны да жакшы кабыл алган жок" деп жазыптырсыз. Балким ал сизди аягандыр. Анткени жубайыңыздын чарбачыл, балдарга карамдуу зайып экендигин да жазбадыңызбы. Бир жолку гүл менен гана чектелбестен дагы да белектериңизди берип көрүңүзчү. Жолугуп жаткан айымыңыз менен эс алган жайларга жубайыңызды да алып барсаңыз, ал да бара-бара ачылып, кайрадан мамилеңер жакшырып калар. Аялзаты үйдө балдар менен болуп, өзүн карабай калгандыктан түгөйлөр ортосунда ушундай көйгөйлүү маселе жаралат.
Бет капчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Кайненем "үйүң жок" деп аялым менен уулдарымдан ажыратты. Мигрант жигиттин каты
Экинчи жагынан жактырып жүргөн айымга үйлөнгөндө деле андан сиз күткөн эмоцияны ала албай калышыңыз мүмкүн. Ушул жагын да эске алыңыз. Жубайыңызды башка аялга салыштырган сайын жаман жактары чыга берет. Ар бир адамдын жакшы жана жаман сапаттары болот.
Чечим кабыл алуу алдында балдар менен да эсептешиңиз. Алар өмүр бою атанын камкордугуна муктаж болуп өсөт. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн атанын да жоопкерчилиги, милдети бар. Бул жагын да терең ойлоо керек деген ойдомун. Башында айткандай, ар бир курактын кризиси болот. Мүмкүн бул убактылуу сезимдир. Эгер чындап эле чоң сүйүүгө кабылсаңыз, аны да ортого салып кеңешип, жети өлчөп бир кесиңиз. Анткени мунун артында чоң үй-бүлөлүк маселе, бир канча кишинин тагдыры жатат.
Балким, жан дүйнөңүздө сүйүү менен мээримдүүлүктүн өксүгү байкалса психологго да жекече келип көрөрсүз.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0