https://sputnik.kg/20211102/zhenil-onor-zhajdyn-ishi-zhenildedi-1054447529.html
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
Sputnik Кыргызстан
"Эрден" текстиль компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Улан Момунов пандемия учурунда жеңил өнөр жай бизнеси катуу жабыр тартканы менен кайрадан бат калыбына келе... 02.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-02T12:35+0600
2021-11-02T12:35+0600
2021-12-14T14:27+0600
радио
коом
кыргызстан
жеңил өнөр жайы
евразиялык экономикалык биримдик
ишкерлик
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1d/1054404381_0:72:3068:1806_1920x0_80_0_0_6f3b1d04a773ce648b3a70efb7c62297.jpg
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
Sputnik Кыргызстан
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
Тигүүчүлүк бизнесине 2017-жылы келдик. Бул учурда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп калган кези болчу. Ошондуктан мурда жаңыдан бизнесин баштаган ишкерлер көргөн кыйынчылыктарга туш болгон жокпуз. Бул тууралуу Улан Момунов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, өлкөнүн ЕАЭБге мүчө болгонунун оң таасири биринчи кезекте товар экспорттоо жана тейлөө жаатында иштеген ишкерлерге тийди.Адис ЕАЭБ алкагында товар жүгүртүүдө пандемиядан кийин деле эч кандай тоскоолдуктарга туш келбей иштеп жатышканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/1d/1054404381_0:0:3068:1928_1920x0_80_0_0_84498c12eab2e8580dc7367e0c886d97.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, жеңил өнөр жайы, евразиялык экономикалык биримдик, ишкерлик
коом, кыргызстан, жеңил өнөр жайы, евразиялык экономикалык биримдик, ишкерлик
Момунов: ЕАЭБге киргенден бери жеңил өнөр жай тармагынын иши жеңилдеди
12:35 02.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Эрден" текстиль компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Улан Момунов пандемия учурунда жеңил өнөр жай бизнеси катуу жабыр тартканы менен кайрадан бат калыбына келе баштаганын айтты.
Тигүүчүлүк бизнесине 2017-жылы келдик. Бул учурда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп калган кези болчу. Ошондуктан мурда жаңыдан бизнесин баштаган ишкерлер көргөн кыйынчылыктарга туш болгон жокпуз. Бул тууралуу Улан Момунов
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн ЕАЭБге мүчө болгонунун оң таасири биринчи кезекте товар экспорттоо жана тейлөө жаатында иштеген ишкерлерге тийди.
"Келинчегим экөөбүз тигүү цехтерин ачып, бул бизнеске бел байлаганыбызга төрт жылдын жүзү болуп калды. Бул учурда Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болчу. Ошондуктан рынокко чыгууда мурдагы бизнесмендердей көп деле түйшүк тарткан жокпуз. Анткени экспорттоо мүмкүнчүлүгү бир эле Россияга эмес, Казакстан, Беларусь, Арменияга да ачылды. Ошондой эле мурда жалаң гана Кытайдан сырье ташып келинсе, эми аталган мамлекеттерден да алып келүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Документ иштери жолго коюлган. Ушундай эле жеңилдиктерди бизнестин тейлөө тармагында иштегендер да сезе алышты. Тилекке каршы, пандемия учурунда жеңил өнөр жай тармагы да дээрлик токтоп калды. Чек аралар жабылып импорт да, экспорт да болгон жок. Бирок ушул жылдан тарта тигүүчүлүк багыты кайрадан тез бутуна туруп келе жатат,— деди Момунов.
Адис ЕАЭБ алкагында товар жүгүртүүдө пандемиядан кийин деле эч кандай тоскоолдуктарга туш келбей иштеп жатышканын кошумчалады.