Садыр Жапаровдун Глазгодогу кеби жана берген сунуштары. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде сөз сүйлөдү. Анын видеосун ЭлТР телеканалы жарыялады.
Өлкө башчы Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарын 44 пайызга чейин кыскартуу планын коюп жатканын билдирди. Ошондой эле кайра өндүрүлгөн энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болорун кошумчалады.
Мындан тышкары, бир нече сунуш дагы берди:
  • климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароо;
  • климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун колдоосу менен атайын фонд түзүү;
  • гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташуу;
  • мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап, мындай бизнес-практикага биргелешип каршы туруу.
Президенттин саммитте айткан кебинин тезистерин материалдан окуңуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0