Садыр Жапаровдун Глазгодогу кайрылуусу. Президенттин кебинен тезистер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Глазгодогу дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде
Президент Садыр Жапаров Глазгодогу дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштады.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады.
Өлкө башчынын сөзүнөн тезистер:
  • Акыркы жылдары өлкөбүздүн табияты жана калкы климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин кадимкидей сезе баштады. Ошондуктан Кыргызстан Париж келишиминин духун жана максаттарын сактай тургандыгын билдирип кетем;
  • Климаттын өзгөрүүсүн басаңдатуу боюнча глобалдык өнөктүккө, анын ичинде 2030-жылга чейинки улуттук деңгээлде аныкталган салымынын алкагында Кыргызстан жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышууну улантат;
  • Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 44 пайызга кыскартуу максатын коюп жатат;
  • 2050-жылга чейин Кыргызстан өнүгүүнүн жашыл платформасына көмүртексиз жетишүүгө аракет кылат. Кайра өндүрүлгөн энергия булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика — көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп калмакчы;  
  • Биз табиятка зыян келтирбестен өнөр жай тармагын жана турак жай коммуналдык секторун көмүртектик энергия булактарынан, биринчи кезекте көмүр жана мазутту колдонуудан арылтып, аны электр энергиясына толук өткөрүү үчүн кичи жана орто гидроэлектр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну баштадык;
  • Бүгүнкү күндө онго чукул кичи жана орто гидроэлектростанциялар курулуп жатат. Айрымдары жакында эле ишке берилди. Жарым-жартылайы келерки жылдын акырына барып ишке киргизилет; 
  • Париж келишиминин духуна ылайык, мен өнүккөн өлкөлөрдүн инвесторлорун гидроэнергетикалык тармакта, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу кызматташууга чакырам;
  • Прогрессивдүү технологиялар, инновациялар жана ноу-хау болбосо, Кыргызстан үчүн пландаштырылган мөөнөттө "жашыл" экономикалык өсүшкө жана көмүртексиз жашоого жетүү кыйын болот. Буга байланыштуу бардык кызыкдар тараптарды, биринчи кезекте эл аралык көп тараптуу банктарды, климаттык фонддорду жана корпорацияларды биз менен олуттуу диалог курууга чакырам;
  • Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай прецеденттер бар, ошондуктан мен дүйнөлүк коомчулукту мындай бизнес-практикага биргелешип каршы турууга чакырам;
  • Ыңгайлашуу программалары жана долбоорлору айыл чарба, суу ресурстары, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдар, калктын саламаттыгы, токойлор жана биотүрдүүлүк сыяктуу аялуу секторлордо ишке ашырылат. Биздин  өлкөнүн 64 пайызы тоолор экенин эске алсак, алдыдагы иштердин масштабы эбегейсиз. Аларды ишке ашыруу дээрлик үч миллиард АКШ долларын талап кылат;
  • Климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине байланыштуу мен айткан көйгөйлөр көп жагынан көптөгөн тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн өкмөттөргө, анын ичинде Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардам зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдеринде өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө, максаттуу каржылоону кароону сунуштайбыз;
  • Биз мөңгүлөрдү, токойлорду жана биологиялык  көп түрдүүлүктү сактоого, табигый кырсыктарга даярдыкты жакшыртууга, тоолуу жамааттарга, айрыкча аялдарга жана балдарга социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө басым жасоо менен климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча максаттуу программаларды ишке ашыруу үчүн БУУнун калкасында атайын фонд түзүүнү сунуштайбыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0