Евробиримдик өлкөнүн санарип технологияларын өнүктүрүүгө 2 млн. евро берет

© AP Photo / Alastair GrantЕвробиримдиктин желеги. Архив
Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Долбоордун максаты — санариптик билим берүүдөгү теңсиздикти жана жумушсуздукту азайтуу, санариптик өнүктүрүүнү колдоо.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Евробиримдик Кыргызстандын санарип технологияларын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 2 миллион евро берет. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ведомствонун жетекчилиги Эстониядан келген Электрондук башкаруу академиясынын (eGA) өкүлү Тынис Мяэ менен жолуккан. Кызматташуу боюнча талкуу Европа биримдиги менен Кыргызстандын Twinning/Европа программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында санариптик саясатты, укуктук-ченемдик базаны жакшыртуу жана өлкөнүн санариптик потенциалын өнүктүрүү пландалууда.
Анда төмөнкү иштер аткарылат:
  • Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы менен биргеликте санариптик билими бар жарандардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
  • Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен биргеликте ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздап, мамлекеттик жана жеке кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
  • Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги менен биргеликте жарандардын маалыматын коргоо жана купуялуулугун сактоону жакшыртуу;
  • УКМК менен биргеликте мамлекеттик мекемелерде киберкоопсуздук жана кибертуруктуулукту жогорулатуу;
  • Долбордун негизги максаты санариптик билим берүүдөгү теңсиздикти жана жумушсуздукту азайтуу, санариптик өнүктүрүүнү колдоо болуп саналат. Программаны Электрондук башкаруу академиясы (eGA) жүзөгө ашырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0