https://sputnik.kg/20211014/kyrgyzstan-ukmk-terrakt-shektuu-karmaldy-1054220411.html
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
Sputnik Кыргызстан
2017-жыл жаңырган түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы (Түркия) Reina клубуна кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракат... 14.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-14T11:50+0600
2021-10-14T11:50+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
укмк
шектүү
террорчулук
стамбулдагы “санта клаустун” чабуулу
https://sputnik.kg/img/104339/21/1043392192_0:305:3068:2032_1920x0_80_0_0_6cb5053e833cc81ef9841952ec3f6c66.jpg
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чет өлкөдө 39 кишинин өмүрүн алган терактыны каржылаган деп шектелип Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.Сүрөттөөгө төрт жыл мурда Түркияда болгон каргашалуу окуя туура келүүдө.Эске салсак, 2017-жыл жаңырган түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы (Түркия) Reina клубуна кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракат алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.Кийин бул кылмышты жасады деп шектелген Өзбекстанда туулган Абдулкадир Машарипов кармалып, камакка алынган. Ошол учурда ЖМКларда ал кыргызстандык досунун үйүнөн табылды деген маалымат тараган. Көп өтпөй КРдин Тышкы иштер министрлиги бул кабар чындыкка туура келбесин билдирген.2020-жылы Стамбул соту Өзбекстандын жараны Абдулкадир Машариповду 39 адамды атайылап өлтүрүп оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таап, 1 368 жылга эркинен ажыраткан.
https://sputnik.kg/20210826/turkiya-korgoo-ministrligi-kabul-eki-zhardyruu-bildiruu-1053692156.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104339/21/1043392192_403:325:2698:2046_1920x0_80_0_0_89200ad535aebb1fc58aa0de145b4e4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, укмк, шектүү, террорчулук, стамбулдагы “санта клаустун” чабуулу
жаңылыктар, кыргызстан, коом, укмк, шектүү, террорчулук, стамбулдагы “санта клаустун” чабуулу
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
11:50 14.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) 2017-жыл жаңырган түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы (Түркия) Reina клубуна кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракат алган.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чет өлкөдө 39 кишинин өмүрүн алган терактыны каржылаган деп шектелип Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
"Террордук иш-аракеттерди каржылап жүргөн делип Кыргызстандын жарандарынан турган топ аныкталды. Мындан улам Бишкекте 33 жана 31 жаштагы эки жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар чет өлкөдө болгон ири терактыны каржылаган деп шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Сүрөттөөгө төрт жыл мурда Түркияда болгон каргашалуу окуя туура келүүдө.
Эске салсак, 2017-жыл жаңырган түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы (Түркия) Reina клубуна кирип келип,
ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракат алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети"
террордук тобу өзүнө алган.
Кийин бул кылмышты жасады деп шектелген Өзбекстанда туулган Абдулкадир Машарипов кармалып, камакка алынган. Ошол учурда ЖМКларда ал кыргызстандык досунун үйүнөн табылды деген маалымат тараган. Көп өтпөй КРдин Тышкы иштер министрлиги бул кабар чындыкка
туура келбесин билдирген.
2020-жылы Стамбул соту Өзбекстандын жараны Абдулкадир Машариповду 39 адамды атайылап өлтүрүп оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таап,
1 368 жылга эркинен ажыраткан.