https://sputnik.kg/20211003/kyrgyzstan-majda-ich-azken-ajtounaa-baa-1054101387.html
Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика
Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан автоунаалардын базардагы баасына анализ жасап, майды аз ичкен машиналардын орточо баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдү. 03.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-03T14:52+0600
2021-10-03T14:52+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
экономика
инфографика
мультимедиа
автоунаа
баа
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0f/1059269865_0:263:1200:938_1920x0_80_0_0_977137b3f5477df31594c9059b150062.png
Мониторинг 2021-жылдын январь жана октябрь айларында autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик өзгөргөн эмес) сайттарындагы маалыматтардын негизинде жасалды.Эң көп сатылган алдыңкы 10 автоунаанын катарына төмөнкүлөр кирди:Негизинен автоунаалар 200дөн тарта 1 000 долларга чейин кымбаттады. Бирок айрымдарынын баасы кичине түштү. Мисалы, 2002-жылы чыккан Lada 2107 унаасы 100 долларга арзандады.Автоунаанын кымбаттап жатышына акчанын куну кетип калганы себепкер экенин экономист Эльдар Абакиров айтат.Сырттан унаа ташыган компаниянын кожоюну Данияр Салякаев дагы азыр баалар түшөт деп үмүт кылбай эле коюш керектигин билдирди.Ал эми социалдык-саясий иликтөөлөрдү жүргүзгөн "Эльчи" борборунун директору Денис Бердаковдун айтмында, баалардын көтөрүлүшү ири автоконцерндердеги кризиске байланыштуу экенин айтат.Кыргызстанда автонуаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы себеп болууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0f/1059269865_0:161:1200:1061_1920x0_80_0_0_1253351e140f303579940ccde2350619.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, инфографика, мультимедиа, автоунаа, баа, инфографика
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, инфографика, мультимедиа, автоунаа, баа, инфографика
Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика
14:52 03.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) Sputnik Кыргызстан автоунаалардын базардагы баасына анализ жасап, майды аз ичкен машиналардын орточо баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдү.
Мониторинг 2021-жылдын январь жана октябрь айларында autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик өзгөргөн эмес) сайттарындагы маалыматтардын негизинде жасалды.
Эң көп сатылган алдыңкы 10 автоунаанын катарына төмөнкүлөр кирди:
Негизинен автоунаалар 200дөн тарта 1 000 долларга чейин кымбаттады. Бирок айрымдарынын баасы кичине түштү. Мисалы, 2002-жылы чыккан Lada 2107 унаасы 100 долларга арзандады.
Автоунаанын кымбаттап жатышына акчанын куну кетип калганы себепкер экенин экономист Эльдар Абакиров айтат.
"Жарандарда акча көп. Бирок бул эл байып кетти дегенди түшүндүрбөйт. АКШ, Россияда да ушул эле абал. Акчанын куну кетип жатат. Ошонун айынан бардык товарларга баалар көтөрүлүүдө", — деди адис.
Сырттан унаа ташыган компаниянын кожоюну Данияр Салякаев дагы азыр баалар түшөт деп үмүт кылбай эле коюш керектигин билдирди.
Ал эми социалдык-саясий иликтөөлөрдү жүргүзгөн "Эльчи" борборунун директору Денис Бердаковдун айтмында, баалардын көтөрүлүшү ири автоконцерндердеги кризиске байланыштуу экенин айтат.
"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блоктору, тышкы электр жабдуулары, жабдыктарды башкаруу панели, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.
Кыргызстанда автонуаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы себеп болууда.