00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстан транспорттук хаб боло алат — ШКУда транспорт тармагын өнүктүрүү каралды
13:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боттера» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан автоунаалардын базардагы баасына анализ жасап, майды аз ичкен машиналардын орточо баасы кандай өзгөргөнүн билип көрдү.
Мониторинг 2021-жылдын январь жана октябрь айларында autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик өзгөргөн эмес) сайттарындагы маалыматтардын негизинде жасалды.
Эң көп сатылган алдыңкы 10 автоунаанын катарына төмөнкүлөр кирди:
Daewoo Matiz;
Honda Fit;
Lada 2107;
Toyota IST;
Hyundai Getz;
Volkswagen Golf;
Mazda Demio;
Chevrolet Spark;
Honda Civic;
Toyota Prius.
Негизинен автоунаалар 200дөн тарта 1 000 долларга чейин кымбаттады. Бирок айрымдарынын баасы кичине түштү. Мисалы, 2002-жылы чыккан Lada 2107 унаасы 100 долларга арзандады.
Автоунаанын кымбаттап жатышына акчанын куну кетип калганы себепкер экенин экономист Эльдар Абакиров айтат.

"Жарандарда акча көп. Бирок бул эл байып кетти дегенди түшүндүрбөйт. АКШ, Россияда да ушул эле абал. Акчанын куну кетип жатат. Ошонун айынан бардык товарларга баалар көтөрүлүүдө", — деди адис.

Сырттан унаа ташыган компаниянын кожоюну Данияр Салякаев дагы азыр баалар түшөт деп үмүт кылбай эле коюш керектигин билдирди.
Ал эми социалдык-саясий иликтөөлөрдү жүргүзгөн "Эльчи" борборунун директору Денис Бердаковдун айтмында, баалардын көтөрүлүшү ири автоконцерндердеги кризиске байланыштуу экенин айтат.

"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блоктору, тышкы электр жабдуулары, жабдыктарды башкаруу панели, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автонуаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы себеп болууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0