Эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болгон Оморкановдун өмүр баяны

© Фото / сайт Международной федерации хоккеяВице-президент IIHF по Азии и Океании Айваз Оморканов
Вице-президент IIHF по Азии и Океании Айваз Оморканов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
Айваз Оморкановдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан окуңуз.

Кыргызстандык хоккей функционери Айваз Оморканов 25-сентябрь күнү Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланган

Спорттук уюмдун жетекчилигине шайлоо Эл аралык федерациянын (IIHF) Санкт-Петербургдагы конгрессинде өткөн. Федерациянын сайтындагы расмий маалыматка караганда, кыргызстандык 62, ал эми атаандашы Томас Ву 40 добуш алган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от IIHF (@iihfhockey)

Федерациянын президенти болуп 68 жаштагы француз Люк Тардиф болду. Ал IIHF уюмун 1994-жылдан бери жетектеп келген Рене Фазелдин ордуна келди.

Sputnik редакциясы Айваз Оморкановдун эмгек жолу боюнча фактыларды топтоду. Анын өмүр баяны Хоккей боюнча эл аралык федерациянын сайтына жарыяланды.

Оморканов 1996-жылдын 2-июнунда Бишкекте төрөлгөн. Жети жылдай Кытайда жашап, окуган.

Эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алган. Мындан сырткары, Кыргыз улуттук университетинен бакалавр даражасын алган. Учурда КР ТИМинин Дипломатиялык академиясында магистратурада окуп жатат.

Төрт жылдай Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасында ойногон. Триатлон менен дагы алектенип, Ironman 70.3 дүйнөлүк чемпионатына катышуу үчүн квалификациядан өтүүгө жетишкен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Aivaz Omorkanov (@aivazomorkanov)

Азыркы кызмат ордуна келгенге чейин Кыргызстандын хоккей боюнча федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери болуп иштеген.

Хоккей боюнча эл аралык федерациянын кеңешинин тарыхындагы эң жаш мүчөсү.

Айваз Оморканов кыргызча, кытайча жана орусча эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0