Фестивалдын алкагында Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду. Ошондой эле эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт.
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.
Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү

Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар

Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат

Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо

Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн

Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген

Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот

Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.

Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө

Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо

Бүгүн "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду
