БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Америкалык диетолог Эми Гудсон алмурут ден соолукка абдан керектүү азык экенин айтып, пайдалуу жактарын санап берди. Анын макаласы Eat This, Not That! порталына жарыяланганын "Известия" жазды.
Гудсондун айтымында, көпчүлүк алмуруттун ордуна алма, ашкабак жейт.
Диетолог алмурут, биринчиден, клетчаткага бай экенин айтты. Ал адамды көпкө чейин ток кармайт жана ашыкча тамак жеп алганга мүмкүнчүлүк бербейт.
Ал белгилегендей, анча чоң эмес алмуруттан эле алты граммга жакын клетчатка чыгат жана анын эриген жана эрибеген эки түрү бар. Ар бири өзүнчө пайдалуу. Биринчиси канда кант менен холестериндин нормасын кармап турат, ошондой эле ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Экинчиси организмди уулуу заттардан тазалайт, мындан сырткары, кант диабетинин экинчи тиби сыяктуу оорулардын өрчүү тобокелдигин азайтат.
Мындан сырткары, алмурут антиоксидантка бай, сезгенүүлөргө каршы жакшы натыйжага ээ, кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүп, кан басымды жөнгө салат жана кандын уюшун алдын алат.