Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары ата мекендик киночулар мамлекеттен акча албай, СССРдин ыдырашы менен каржылоосуз калган. Ал убакта тасма тарткан чыгармачыл инсандардын айрымдары башка кесипти аркалоого мажбур болгон.
Тасманы тартууга "Кыргызфильмдин" мыкты оператору, сүрөтчүлөрү, техниктери, актёрлору болуп миңдеген адам катышкан. Жүздөгөн кол өнөрчү, усталар Чыңгыз хандын доорунда колдонулган курал-жарак, кийим-кече, оокат, ат жабдыктарын окшоштуруп жасаган. Кинокартина Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын аймагында тартылып, бир топ акча сарпталган.
Фильмге англиялык Кен Эннакин режиссёрлук кылып, Төлөмүш Океев көркөм жетекчиси эле. Кинофильмдин көркөм кеңешинде редактор болгон Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев ал учурду мындайча эскерет:
"Төлөмүш Океев Чыңгыз хан жөнүндө эмгек жаратууну кыялданып жүргөн. Анда мен редактор болуп кичине иштеп калгам. Иштин башы жакшы башталып, ага көп киши аралашты. Кийин италиялыктар банкротко учурап, акчанын жоктугунан тасма тартуу иштери толугу менен токтогон. Негизи ага чейин эле "Чыңгыз ханды" Океев тартсам деп жүргөн, бирок италиялыктар келе калып жыйынтык болбой калган. Өзү тартса кыйратмак. Төлөмүш аны көрүүчүлөргө сунуштай албай арманда кетти", — деп эскерет драматург.
Жыйынтыгында чет элдик киночулардын былыктары билинип калып, миллиондор жумшалган тасма Римде камакка алынган. Кыргызстандык киночулар көргөзгөн кызматы үчүн акчасынын бир бөлүгүн ала албай, чет элдиктердин техникасын, реквизиттерин бербей койгон.
Аталган эмгекте италиялык актёр Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант, Даниэль Грин, Чарлтон Хестон жана "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Патриция Нил роль жараткан.
![Чыңгыз хан тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан Чыңгыз хан тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943947_0:0:2048:1300_600x0_80_0_1_a077a4b83bb5bac5adfef623b8b03751.jpg)
![Сырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен Сырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943952_0:0:2048:1387_600x0_80_0_1_df55af641ba0783089633978f346c599.jpg)
![Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104209/52/1042095298_0:0:2000:1903_600x0_80_0_1_b0ce87f1b06600bc05bb093d111b3762.jpg)
![Кыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков Кыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943957_0:0:2048:1342_600x0_80_0_1_8f1321e07b95afb889b716d27ba0c1a4.jpg)
![КР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил КР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104677/47/1046774795_0:0:2200:1424_600x0_80_0_1_61ad11823af5019b09902094a1d2352c.jpg)
![Башкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон Башкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943962_0:0:2048:983_600x0_80_0_1_5857893d24bd03a1a47b43855664bd5a.jpg)
![Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101816/77/1018167742_0:0:1554:1064_600x0_80_0_1_dd4884d9b311e531a73b22f60635ef8e.jpg)
![Чыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева Чыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943967_0:0:2048:1323_600x0_80_0_1_c6d2dd133b64da5c4dac0041cc72871f.jpg)
![Кыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов Кыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943972_0:0:2048:1279_600x0_80_0_1_ae48e71b57c90629e247c7e57e49a90b.jpg)
![Чыңгыз хан толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган Чыңгыз хан толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943977_0:0:2048:1285_600x0_80_0_1_fc92772244d50e13aee3451536d4aaa4.jpg)
![Хива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру Хива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943982_0:0:1716:1033_600x0_80_0_1_a4e50954bb15a702c8054685e5bb9918.jpg)
![Италиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев Италиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943987_0:0:2048:1319_600x0_80_0_1_40e1b1805a77717ed1b87b799d6b6e41.jpg)
![Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/12/1053943993_0:0:2048:1443_600x0_80_0_1_5d77c12da9ccb4e7305a3625f8739bdc.jpg)