00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бакиров: бала 14 жашка толгондон тартып сот жообуна тартылышы мүмкүн

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров
Руководитель Ассоциации юридических клиник Артур Бакиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров адамга 14 жаштан тарта кандай укуктар берилерин айтып берди.

Бала 14 жаштан тартып окуудан сырткары ден соолугуна жана окуусуна зыян келтирбеген жумуштарды аткара алат. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: бала 14 жашка толгондон тартып сот жообуна тартылышы мүмкүн

Анын айтымында, бул баланын аткарылган жумуш үчүн минималдуу эмгек акысын алууга укуктуу экенин билдирет.

"Бала 14 жашка толгондон тарта бир катар укуктарга жана милдеттерге ээ болот. Окуудан сырткаркы убакта ишке кирип, ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессине тоскоолдук жаратпаган жеңил жумуштарды аткара алат. Бул анын аткарылган иш үчүн эң минималдуу эмгек акысын алууга укуктуу экенин билдирет. Ушул курактан тарта илимий, адабий жана искусство жагынан чыгармалар же ушул сыяктуу интеллектуалдык иштеринин натыйжасында автордук укуктарга ээ боло алат. Банктарга акча салып аны тескөөгө, жаштар бирикмелерине катышууга укуктуу. Өспүрүм 14 жашка толгондон баштап киши өлтүрүү, ден соолукка оор же анча оор эмес зыян келтирүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери, киши уурдоо, адам сатуу, тоноо, каракчылык, опузалап талап кылуу, автомототранспорт каражатын айдай качуу, бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу, терроризм актысы, барымтага алуу, атуучу куралды уурдоо же опузалап талап кылуу, бейбаштык, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, аларды уурдоо же опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын же каттам жолдорун жараксыз абалга келтирүү сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылат", — деди Бакиров.

Юрист 14 жаштагы өспүрүм милицияга арыз жаза турган болсо ата-энесинин же камкорчусунун жазуу түрүндөгү макулдугу зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0