Мактап да, сындап да көрүшкөн. "Каныбек" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

Жазылуу
Быйыл "Кыргызфильмдин" 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы белгилүү тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштоону улантат.

Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 1977-жылы "Каныбек" тасмасын тартууга киришет. Анын оператору Мурат Жыргалбаев, композитору Калый Молдобасанов болсо, фильмдин сценарийин Базаров менен Кадыркул Өмүркулов экөөлөп жазган.

Белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшевдин тарыхый романынын негизинде тартылган эмгекте XIX кылымдагы кыргыз элинин турмушу, социалдык жашоосу көрсөтүлөт.

Ал кезеңди КРдин эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров мындайча эскерет:

"Каныбекти" баштаганда алгач эки серия кылып тартуу пландалып, бардык маселелер макулдашылган. Ишти 1977-жылы баштап, 1978-жылы толугу менен бүткөнбүз. Актердук курам абдан күчтүү эле. Оштогу өзбек театрынын актерлору да чакырылган. Бирок кийин акча жок деп бизди ыңгайсыз абалга таштап, ишибиз башаламан болуп, экинчи сериясы тартылбай калды. Мен көп кызыктуу эпизоддорду фильмдин экинчи бөлүгүнө калтырып койгон элем. Ошентип ал кинокартина өтөсүнө чыкпай, чыгармадагы баян толук экрандаштырылбай калган. Убакыт өткөн соң баштаган ишибиз эмнеге соңуна чыкпай калганын билип калдым. Кыскасы, атайын бут тосуп коюшуптур, кимдер кылгандыгын азыр айтуунун зарылчылыгы деле жок. Жаш болчубуз, массовкага эле миңдей адам катышкан. Көрүүчүлөргө сунушталганда мактагандар да, сындагандар дагы болгон", — деди Базаров.

Оскарга көрсөтүлгөн Көк серек. Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
"Оскарга" көрсөтүлгөн "Көк серек". Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр
Аталган эмгекте жаштайынын байлардын колунда кул болуп жашоосун өткөргөн Каныбектин жашоо-турмушу чагылдырылат. Малайлыктын айынан ал энесинин мээриминен алыстап, сүйүп калган сулууга жетпей калат. Ошондо акыйкатсыздыктан тажаган башкы каарман өзүнүн, кедейлердин таламын талашканга далалат жасайт. Орто жолдо жеңилет, башынан көп азап-тозокту өткөрөт. Соңунда жалгыз терек токой болбой тургандыгына көзү жетет.

Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай жана Кочкор райондорунда тартылып, анда Сабира Күмүшалиева, Алиман Жангорозова, Бакен Кыдыкеева, Насыр Кытаев, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев, Советбек Жумадылов, Сүймөнкул Чокморов, Чоро Думанаев, Мария Кутманалиева, Жекшенаалы Арсыгулов, Аман Камчыбеков, Дүйшөн Байдөбөтов жана Оштогу өзбек театрынын актерлору катышкан.

© Sputnik / Александр ФедоровБазаровдун "Каныбек" фильминде кыргыз элинин XIX кылымдагы жашоо-турмушу чагылдырылган
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
1/12
Базаровдун "Каныбек" фильминде кыргыз элинин XIX кылымдагы жашоо-турмушу чагылдырылган
© Sputnik / Александр ФедоровТоо койнунда кызуу иштеген киночулар
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
2/12
Тоо койнунда кызуу иштеген киночулар
© Фото / Александр ФедоровБашкы ролу аткарган жаш Аман Камчыбеков
Актер и режиссер Аман Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
3/12
Башкы ролу аткарган жаш Аман Камчыбеков
© Sputnik / Александр Федоров"Каныбектин" массовкасына эле миңдей адам катышкан
Съемки фильма Каныбек режиссера Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан
4/12
"Каныбектин" массовкасына эле миңдей адам катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровАйдарбек датканын ролунда белгилүү актер Советбек Жумадылов
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
5/12
Айдарбек датканын ролунда белгилүү актер Советбек Жумадылов
© Sputnik / Александр ФедоровАктер Аман Камчыбековго отуруп алып кеп-кеңеш берип жаткан режиссер
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
6/12
Актер Аман Камчыбековго отуруп алып кеп-кеңеш берип жаткан режиссер
© Sputnik / Александр ФедоровТасма тартуу учуру: Сүймөнкул Чокморов менен Аман Камчыбеков
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
7/12
Тасма тартуу учуру: Сүймөнкул Чокморов менен Аман Камчыбеков
© Sputnik / Александр ФедоровКинокартинанын басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай, Кочкор райондорунда камерага түшүрүлгөн
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек  - Sputnik Кыргызстан
8/12
Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Чоң Кемин, Алай, Кочкор райондорунда камерага түшүрүлгөн
© Sputnik / Александр ФедоровСууда байдын жан-жөкөрлөрү менен мушташкан Каныбек
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек  - Sputnik Кыргызстан
9/12
Сууда байдын жан-жөкөрлөрү менен мушташкан Каныбек
© Sputnik / Александр ФедоровЭэн талаада минген атынан айрылып муңканып отурган башкы каарман
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек  - Sputnik Кыргызстан
10/12
Ээн талаада минген атынан айрылып муңканып отурган башкы каарман
© Sputnik / Александр ФедоровКедей-кембагалдар менен байдын куйруктарынын тиреши. Фильмдеги эпизод
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
11/12
Кедей-кембагалдар менен байдын куйруктарынын тиреши. Фильмдеги эпизод
© Sputnik / Александр ФедоровЗалкар актер Советбек Жумадылов менен таланттуу режиссер Геннадий Базаров
Съемки фильма Геннадия Базарова Каныбек - Sputnik Кыргызстан
12/12
Залкар актер Советбек Жумадылов менен таланттуу режиссер Геннадий Базаров
Жаңылыктар түрмөгү
0