"Оскарга" көрсөтүлгөн "Көк серек". Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр

Жазылуу
Быйыл "Кыргызфильмдин" 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик киночулар жараткан мыкты эмгектердеги ирмемдерди сунуштоону улантат.

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы "Казакфильмдин" чакыруусу менен белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде "Көк серек" көркөм тасмасын тартууга киришет. Анын сценарийин Андрей Кончаловский менен Эдуард Тропинин жазып, операторлук милдетти Кадыржан Кыдыралиев аткарган.

Фильмде карышкырдын ийнинен алынган бөлтүрүк менен кичинекей Курмаштын ортосундагы мамиле көрсөтүлгөн. Кийин ал жырткыч чоңоюп качып кетет. Күндөрдүн биринде ал куралчан аңчылардын огунан жарадар болуп өзү чоңойгон сарайга кайра келген. Ошол жерден Курмаш эски досуна жардам берүүгө аракет кылат, бирок "бөрү баласы ит болбойт" дегендей, карышкыр кайра өзүнө кол салып талап коёт.

Көзү тирүү кезинде Төлөмүш Океев ошол учурду эскерип жатып, эгер мен 100 жашка чыкпай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө деп айткан жайы бар.

"Көк серек" тасмасынын сценарийин Андрей Кончаловский экөөбүз жазганбыз, менин эң оор фильмдеримдин бири. Анда ак кар, көз муз баскан тоодо, жапайы карышкырлар менен тартканбыз. Эгер мен 100 жашка чейин жашабай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө. Бирок мен аны тартканыма эч качан өкүнбөйм. Бул эмгегим дүйнөдөгү эң мыкты кино сынчылардын сунушу менен "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн. Ал тизмеде италиялык Федерико Феллини, япониялык Акира Куросаванын кинокартиналары дагы бар эле. Андан башка "Көк серек" Италияда "Алтын альп бутагы" сыйлыгын жана башка фестивалдардан чемодан толо сыйлык, дипломдорго татыды", — деген режиссёр.

Белгилүү режиссер, оператор Альгимантас Видугирис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Кыргыз кызын сүйүп Фрунзеде калган. Киночу Видугиристин сүрөттөгү ирмемдери
Киночулар ээн талаада, тоодо оор шартта иштешип, мыкты эпизоддорду жаратууга жетишкен. Мисалы, карышкырлардын түндө короодогу койго кол салганы, караңгыга карабай өспүрүмдүн малын сактап калуу үчүн жан далбастаган эпизоду бар. Аны камерага түшүрүп калуу үчүн кинематографисттер аймактагы мыкты аңчыларды чогултуп сарайдын тегерегин кайтартып, Океев дагы аскердик ок атуучу куралды колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөн. Анткени койго атырылган жырткычтар чыгармачыл топко дагы тап бериши толук мүмкүн болчу.

Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган Океевдин ал кинофильми мыкты советтик 100 тасманын катарына кирген. Ага кичинекей Камбар Валиев, Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова, Каргамбай Сатаев, Нуржуман Ихтымбаев, Мухамедкали Таванов өңдүү кыргыз, казак актёр, актрисалары катышкан.

© Sputnik / Александр Федоров"Көк серек" тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган
Көк серек тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган - Sputnik Кыргызстан
1/12
"Көк серек" тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровКинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан
Кинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан - Sputnik Кыргызстан
2/12
Кинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКөчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр
Көчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр - Sputnik Кыргызстан
3/12
Көчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов
Режиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов - Sputnik Кыргызстан
4/12
Режиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем
Кичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем - Sputnik Кыргызстан
5/12
Кичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем
© Sputnik / Александр ФедоровТоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев
Тоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан
6/12
Тоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн
Кинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн - Sputnik Кыргызстан
7/12
Кинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн
© Sputnik / Александр ФедоровАк кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар
Ак кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар - Sputnik Кыргызстан
8/12
Ак кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар
© Sputnik / Александр Федоров"Көк серек" бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган
Көк серек бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган - Sputnik Кыргызстан
9/12
"Көк серек" бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКөк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу
Көк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу - Sputnik Кыргызстан
10/12
Көк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу
© Sputnik / Александр ФедоровЖоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов)
Жоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов) - Sputnik Кыргызстан
11/12
Жоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов)
© Sputnik / Александр ФедоровНародный артист СССР Суймонкул Чокморов на съемках фильма режиссера Толомуша Океева "Лютый" ("Көк серек"). 1973-год
Тасма тартуу маалында бош боло калганда колуна сыясын, кагазын алып сүрөт тарткан залкар актёр - Sputnik Кыргызстан
12/12
Тасма тартуу маалында бош боло калганда колуна сыясын, кагазын алып сүрөт тарткан залкар актёр
Жаңылыктар түрмөгү
0