Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкекте майрамдык иш-чаралар башталды. Анын бири салтка айланып калган "Оймо" фестивалы. Иш-чаранын алкагында ордо калаанын чок ортосунда кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө-жарманке да уюштурулду. Шырдактан тарта идиш-аякка чейин улуттук колориттеги буюмдарды шаардыктар жана коноктор ушул жерден таба алышат. Иш-чара 31-августка чейин уланмакчы.

Бишкекте майрамдык "Оймо" фестивалы башталды

Фестиваль 27-августта старт алып, 31-августка чейин уланат

Майрамдык иш-чарага кыргызстандыктардан тышкары Борбор Азиянын башка мамлекеттеринен келген кол өнөрчүлөр да катышууда

Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына уюштурулган

Бул жерден шаардыктар жана ордо калаанын коноктору өзгөчө белектерди, буюмдарды таба алышат

Улуттук колориттеги жаркын, ачык түстөгү кийимдер жана буюмдар адамдын маанайын көтөрөт

Төрт күндүк жарманке кыз-келиндер үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени дал ушул жерден издегенин таап, өзгөчө белек алса болот

Мында улуттук колориттеги идиш-аяктын түрүн да таба аласыз

"Оймо" фестивалы бул ирет Бишкектен сырткары Нарын облусунда да уюштурулат. Адатта иш-чара жыл сайын Ысык-Көлдө өтчү

Майрамдын көркүн ачкан чоң эне менен небере

Жарманкеге өлкөнүн жети дубанынан кол өнөрчүлөр келген

Төрт күндүк эс алууда үйдө отурбай эс алганча көргөзмө-жарманкеден өзүңүзгө жана жакындарыңызга өзгөчө белек тартуулаңыз