00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тапкан акчасын туугандарына чачып чарчатты. Жолдошуна көз каранды келиндин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз телефон менен. Иллюстративдик сүрөт
Кыз телефон менен. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына кайын журту менен мамилеси келишпей, жолдошу менен урушуп жүргөн келин кат жазган.

Саламатсыздарбы, менин турмушка чыкканыма беш жыл болду. Кайын журтум менен мамилем көп жакшы эмес, эмнегедир башынан эле жылдызыбыз келишпей калды. Ошондуктан сыйыраак бололу деп көп жолукпаганга аракет кылам. Жолдошум аларга болгон мамилемди билсе дагы туугандарын конокко тез-тез чакыра берет. Өзгөчө кайненем көп келет. Бир жагынан өзүбүздүн үйүбүз жок, акы төлөп батирде турабыз. Жолдошум жакшы акча табат. Ал бизди да багат, ата-энесине да жардамдашат. Жакында жер тилке сатып алып, там салганы жатабыз. Бирок үй саларыбыз менен эле кайнатам менен кайненем биротоло биздикинде жашачудай болуп турат. Алар келсе калган кайындарыма да кудай берет. Тапырап биздикинен эле чыкпай калышарын сезип турам. Ушул жагын ойлоп да тынчсызданам.

Жакында үчүнчү балам төрөлөт. Ооба, бул жолкусунда сактанып деле турсам болмок. Бирок эми болор иш болду. Ажырашып кетейин десем да азыр каржы жагынан күйөөмө көз карандымын.

Жакында эле жолдошум жеңил жүрүм-турумдагы кыздардын сайтына киргенин билип калып катуу урушканбыз. Бул тууралуу дурустап сүйлөшүп, элдеше электе эле бир туугандарынын балдарын жайкы каникулга чакырып алды. Эми аларга акчасын коротуп жүрөт.

Ушунчалык зыкым адаммынбы же менин пикирим ага баары бирби, түшүнбөй койдум. Акчаны туугандарына короткону мага жакпасын эң сонун билсе да ата-энесине, туугандарына чача берет. Ушул үчүн үйдө көп уруш болот. Айтсам "өзүм тапкан акчамды өзүм билем" деп коёт. "Мени түшүнбөгөн адам менен жашап эмне кереги бар" деп көп ойлончу болдум. Азыр убактылуу иштебегеним менен мен деле үйдө жөн отурган жокмун да. Балдарды карап, үйдө болууга туура келип жатпайбы...

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Бул келиндин көйгөйү экономикалык жагдайга байланыштуу экен. Акча жагынан көз каранды кылуу да үй-бүлөлүк зомбулуктун бирине кирет. Ушундан улам келинде кайын журтуна болгон каржылык кызгануу жаралууда. Мунун бардыгы жубайлардын ортосундагы бири-бирине болгон ишеничтин жоктугунан келип чыгат. Калган майда-барат келишпестиктердин баары ушуга байланыштуу десек болот.

Жолдошуңуздун кыз-келиндер сайтына киргенин жазыптырсыз, ал да ошол ортодогу ишенимдин жоктугунан улам болууда. Акча маселесин жөнгө салып, мамилени бир беткей чечип албасаңыздар мындай майда-чүйдө көйгөйлөр чыга берет. Ага дайыма айланасындагы адамдар, кайын журт себепчи болуп калат.

Адам канчалык негативдүү ойлорду ойлоно берсе, ал кайталана берет. Салына элек үйгө эле баары кирип алышпайбы деп кооптоно берүү туура эмес. Бул психосоматика деп аталат. Каттын ээсине жакшы психологдорго барууну сунуштар элем.

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Өнөрү чыккан келиниме ачуум келип жатат. Кайын эженин каты
"Мен кандаймын? Мүмкүн ката кетирип жатамбы?" деген суроолорду өзүңүзгө бергениңиз да туура. Анткени маселени чечүү үчүн адам биринчи өзүн анализдеши керек. Ошону менен бирге эле кош бойлуу болуп калганыңызга өкүнүп же кайдыгер мамиле кылбаңыз. Жакшы гана ойлорду ойлоңуз. Анткени ымыркай бала чагынан психологиялык жараат алып калат. Балага да толук мээрим төгө албай калышыңыз мүмкүн.

Анан дагы ажырашууну эмес, жолдошуңуздун жакшы жактарын жана үй-бүлөсүн эч кем кылбай багып жаткандыгын ойлоңуз. Ал сөзсүз түрдө үй-бүлөлүк маанайга жакшы таасир этет.

Кыргыздар негизинен тууганчыл келебиз. Менталитетибиз ошондой, жакындарыбызды да жашообуздан чийип сала албайбыз. Бул жагын да эске алып, күйөөңүз менен жай отуруп сүйлөшүп алууга кеңеш берер элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0