Бишкек: коомдук транспортто жол кирени Visa картасы менен төлөө толук ишке кирди

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкектеги автобустар менен троллейбустарда жол акысын эми Visa картасы менен төлөөгө болот
Бишкектеги автобустар менен троллейбустарда жол акысын эми Visa картасы менен төлөөгө болот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Шаар ичинде 100-110 автобус жана 120 троллейбус жүрөт. Ар биринде карта менен төлөөгө шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкектеги автобустар менен троллейбустарда жол акысын эми Visa картасы менен төлөөгө болот.

Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Мэрия: Бишкектин борборунда экологияга зыянсыз автобустар гана каттайт 
Шаар ичинде 100-110 автобус жана 120 троллейбус жүрөт. Ар биринде карта менен төлөөгө шарт түзүлгөн.

Жол кирени төлөө үчүн валидаторго банк картасын тиркеп коюу жетиштүү. Орнотулган терминалдар Кыргызстандагы бардык банктардын Visa картасын тааныйт. Буга чейин аталган функция сынамык тартипте иштеп жаткан, эми толук ишке кирди.

Жол кирени "Тулпар" картасы менен да төлөөгө болот. Жол акысын накталай эмес ыкма менен төлөөнү (атайын картаны пайдалануу менен) камтыган бул долбоор былтыр башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0