Расмий өкүлдөр терроризм жеңилгенин айтышат. Бирок бул сөздөр болгону саясий көз жазгыруу гана болушу ыктымал. Америкалык жоокерлерди эми кайда жөнөтүшөт? Ирак тынч жашоо кечиреби? Ушул жана башка жагдайларды талдаган Софья Мельничук, Ксения Мельникованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
"Ирак Жакынкы Чыгышта Кошмо Штаттар үчүн абдан маанилүү. Бүт иш чыйырым бою биз анын иштерине тереңден аралашып келдик", — дейт Жо Байден. Анан да Ак үйдө Ирак премьер-министри Мустафа аль-Каземини кабыл алды.
"Биздин Ирактагы ролубуз эми дайым жеткиликтүү болуп, Ирак коопсуздук күчтөрүн окутуп, көмөктөшүүдө", — деп түшүндүрдү АКШ президенти. Кененирээк айтылган жок. Ал тургай Байден декабрга дейре Иракта кайсы күчтөр калары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
"Бул ошол убактагы окуяларга жараша болот", — деп тактоого аракет кылды Ак үйдүн спикери Жен Псаки.
Пентагондогулар Кошмо Штаттар "Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүнө көз жумбастан аларды чечүүнүн башка жолун табууга тийиш" экенин белгилешти. Өлкөгө бир аз аскер калтырышат. Мындан ары көңүлдүн баары "Кытай жана Россиядан "соккон" коркунучтарга бурулат".
Соңку маалыматтар боюнча, Иракта 2,5 миң америкалык аскер бар. Былтыр жыл аягында президент Дональд Трамп контингентти кыскарткан. Багдаддан түндүккө карай 160 чакырым нары жайгашкан Айн аль-Асад жалгыз америкалык базасы бар.
Тобокелдиктер токтоп калган жок
2017-жылы Ислам мамлекетин* жеңгендиги боюнча жарыяланганына карабастан азыр да терактылар токтой элек. Өткөн аптада исламчылар Багдад базарларынын биринин жанындагы автобусту жардырууга жоопкерчиликти алышты. Кеминде эле анда 30 киши набыт болгон.
Мустафа аль-Каземи – Вашингтон үчүн санаалаш премьер-министр. Ал Иранга байланышкан топторду уяткарууга тырышкан. Бирок ошол эле убакта Сирия менен чек аралар боюндагы иранчыл түзүмдөргө урулган америкалык авиациянын соккусун Ирактын суверенитетин бузуу деп сындаган.
Өз кезегинде АКШда өлкөнүн калыптанышында премьердин ийгиликтерин белгилешкен. Июнь айында Багдадга иорданиялык Абдулла II жана Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси келип кетти. Бул киши – 1990-жылдан бери аталган өлкөгө келген биринчи египеттик лидер.
Кошмо Штаттар эл аралык COVAX программасынын алкагында Иракка Pfizer вакцинасынан 500 миң ченем берүүгө да милдеттенме алган. Байден препарат жакынкы жумаларда жеткирилерин билдирген.
Чөлкөмдө илдет илештиргендердин саны артып, ооруканаларды жалын чалмаган учурлар да көбөйдү. Булардан сырткары, Вашингтон парламенттик шайлоого байкоо салуу боюнча БУУнун миссиясына 5,2 миллион доллар бөлмөкчү. Мындай саясий иш-чара улам жылып отуруп, эми быйыл октябрга белгиленген. Эксперттердин пикиринде, шайлоодо азыркы премьер-министр аль-Каземинин мүмкүнчүлүгү дурус эле.
"Саясий көз жазгыруу"
Анткен менен АКШнын Ирактан толук чыгарылышы туурасында кеп жок экенин белгилешет серепчилер. Вашингтон бул маанилүү стратегиялык аянтча үчүн көпкө күрөшүп келгенин айтат саясат таануучу, Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин эксперти Елена Супонина. Анын оюнда, күчтөрдүн чыгарылышы тууралуу билдирүү "саясий көз жазгыруу". Себеби америкалык шайлоочуларга берилген убадаларды аткаруу абзел.
"Жети жыл мурун Кошмо Штаттар Иракка кайткан убакта терроризмге жарыяланган согуш реалдуулук болчу. Америкалыктар ИМди* жеңүүдө негизги ролду ойногон. Албетте, алар колдонгон ыкмалар боюнча суроо көп. Маселен, Мосул шаары дээрлик толук талкаланып калды" – деп эске салат чыгыш таануучу жана публицист Андрей Онтиков.
Азыр Ирак бийлиги өзү америкалыктарды чыгып кетүүнү өтүндү. "Дональд Трамп Ирактагы базага учуп келгенде АКШ элчиси аз жерден ирактык премьерге ал жакка барып, президентке кезигүүнү буюргандай эле болгон. Ал баш тартат. Ошол окуя маалымат каражаттарына чыгып, чоң жаңжал болгон, — дейт А.Онтиков. — Ошондон кийин америкалыктар Багдад аэропортуна сокку уруп, Сулейманини өлтүрүшкөн. Америкалык күчтөрдү чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө кайрадан айтыла баштаган".
Ошентсе да АКШнын аскер кызматкерлери дароо үйгө кайтары арсар экенин боолголойт Чыгыш таануу боюнча изилдөө борборунун илимий кызматкери Данила Крылов.
"Болду-болбоду адаттагыдай эле бир араб өлкөсүнөн экинчисине, бул учурда Сирияга басым жасалат. Россиянын коргоо министри америкалык аскер кызматкерлери Ирактан Сирияга келип турушканын бир нече ирет кабарлашкан", — деп болжойт эксперт.
Ирактагы штабдарды, топтолгон чалгын маалыматтарын аскердик блоктон дипломатиялык блокко которулары толук ыктымал.
"Америкалыктар дипломатиялык иммунитетти чалгындоо жана башка атайын кызматтар үчүн пайдаланары эбак эле белгилүү", — деп кошумчалайт Крылов.
Кытайга бурулган көңүл
Америкалыктардын көпчүлүгү бөлөк чөлкөмдөргө көңүл бөлбөстөн терроризм менен күрөшкөнчө Ыраакы Чыгышта Кытай күчтөнүп алды деген ойдо. Эми бул – АКШ үчүн негизги кооптуулук, күчтөрдүн баарын ага бурууга туура келет. Бир топ убакыттан тарта Борбордук эмес, Тынч океандык аскердик командачылыкка артыкчылык берилет.
"Тиреш узакка созулушу мүмкүн, андыктан ресурстарды пайдаланууда ылгоого аргасыз кылат. Жакынкы Чыгыш Вашингтонду көптөн бери опкоолжутуп келген, бирок Обама менен Трамптын ал жакта аскердик жайгашууну оптималдаштыруу аракеттерине Пентагон каршы чыккан", — дейт ал.
Жыйынтыгы анчалык ийгиликтүү экени күмөн. Америкалыктар Иракта өз алдынча коргонууга жөндөмдүү тутумду түзө алышкан жок. Алардын өлкөдөн жыйналып чыгышы менен эле террордук кооптуулук жок болуп кетпейт. Жаңы шарттарда америкалык инструкторлор жана кеңешчилер кантип иштей турганын убакыт көрсөтөт.
*Бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук жана экстремисттик уюмдар.