Батышка тынчтык берчүдөй эмес. Россиянын Аскер-деңиз флотундагы жылыштар

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүМурманскдагы "Адмирал Горшков" фрегаты. Архив
Мурманскдагы Адмирал Горшков фрегаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Россиянын Түндүк флотуна таандык 22350 долбоорунун "Адмирал Горшков" фрегаты 19-июлда Ак деңиз акваториясынан Баренц деңизинин жээктериндеги – 350 чакырым ыраак жердеги буталарына "Циркон" гиперүндүү ракетасы менен атып көрдү.

Соккунун таамай тийгени болжол менен ал атылгандан кийин 150 секунддан кийин катталган. Учуш ылдамдыгы 7 Махты (саатына 8575 чакырым) түздү. Ракетанын кинетикалык кубаты Defender же Arleigh Burke өңдүү эсминецтерди экиге бөлүп коюуга жетет. 22350 долбоорунун фрегаттары бортунда 16 "Циркон", "Калибр-НК" же "Оникс" ракетасын ташый алат.

РФтин Абадан коргонуу тутумун "Полимент-Редут" комплексинин 32 ракетасы жана "Палаш" арт-орнотмолору камсыздайт. Ушул жана башка деңиз "табылгаларынын" өзгөчөлүктөрүнө аскерий баяндамачы Александр Хроленко кеңири токтолгон.

Душмандын субмариналарынан кемени торпедага каршы 12 уникалдуу тутум менен "Пакет-НК" комплекси коргойт. Россиянын Аскердик-деңиз флотунун суу бетиндеги ондогон кеме жана субмариналарын "Циркон" комплекси менен жабдуу пландалууда. РФ коргоо министринин орун басары Алексей Криворучконун айтымында, "Циркондордун" мамлекеттик сыноолору быйыл субмарина бортунан ракета атуу менен жыйынтыкталмакчы. Ал эми Россиянын Аскердик-деңиз флоту үчүн сериялык өндүрүшкө келерки жылдан тарта берилет.

Sky News маалымат кызматында жарыяланган макалага ылайык, россиялык гиперүндүү ракеталардын "дүйнөнүн каалаган жериндеги, анын ичинде АКШдагы да буталарын кыйратууга" жөндөмдүүлүгү менен Батыштын тынчын алууда. Жердеги бутасын кандай жок кыла алса, деңизде да, жээкте да ошондой кубатка ээ.

Россиялык Альтиус жаңы учкучсуз аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Мыкты үлгүлөр. Россия учкучсуз аппараттарды экспорттоого киришет
Пентагон эч качан өнүккөн мамлекет менен жаңжалдашкан учурларда аны өзөктүк потенциалынан ажыратып, алдын ала куралсыздандыра тургандай, "өзөктүк эмес ыкчам сокку" үчүн стратегия иштеп чыкпагандай түр менен анын расмий өкүлү Жон Кирби 19-июлда россиялык ракеталар америкалыктарга караганда кооптуу экенин айтты. АКШ аскердик-деңиз күчтөрүнүн министринин милдетин аткаруучу Томас Модли Кошмо Штаттар россиялык гиперүндүү ракеталардан улам "аргасыз абалда" калганын, кыязы өзөктүк эмес ыкчам сокку куралдарын өнүктүрүүгө мажбур деген тейде пикирин билдирди.

Америкалык конгресстин Изилдөө кызматынын июль айындагы отчетунда АКШ гиперүндүү курал иштеп чыгуу жаатында Россия менен Кытайдан бир нече жылга артта калганы, программалардын баары иштен чыкканы белгиленет. 3,2 млрд. доллар өлчөмүндөгү каржылоо да бул жагдайды заматта оңдоп жибере албайт.

"Циркон" оюн эрежелерин өзгөртөт

22350 долбоорунун башкы фрегаты – "Адмирал Горшков" жээктеги объектилерге гиперүндүү "Циркон" канаттуу ракетасы менен атышы алгачкы сыноосу эмес. Архангельск облусундагы Чижа полигонунда 2020-жылдын декабрь айындагы сыноодо да бутасын таамай талкалаган. Башкача айтканда кемеге каршы ракета кургактагы согуштук аракеттер театрын ишенимдүү түрдө өздөштүрүп, колдонуу спектрин кыйла кеңейте алды. Анан да 350 чакырым аралык ал үчүн ыраактыгынын чеги эмес.

Military Watch Magazine 20-июлда "Циркон" 1000 чакырым аралыктан жана 9 Мах ылдамдыкта душмандын объектилерин жок кылууга жөндөмдүү деп мүнөздөдү.

"Жаңы ракета таамайлыгы, эбегейсиз күчү жана Батыштагы эң белгилүү абадан коргонуу тутумдарынын баарынан буйтай алганы менен оюн эрежелерин өзгөртөт", - белгилейт аталган басылма. Бул көбүртүп-жабыртуу эмес, чындап эле россиялык гиперүндүү ракеталар америкалык Patriot жана Aegis системаларын металлдын үймөгүнө айлантып кое алат.

Испытание новой баллистической ракеты «Сармат» - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Россиялык гипер үндүү ракеталар F-35 жана F-22ни "пайдаланууга жолтообу"? Сереп
Россиянын батыштагы "өнөктөштөрү" саатына 10 миң чакырымга чейинки ылдамдыкта учуп бараткан "Цирконду" аныктай алчу радиолокациялык каражаттарга да ээ эмес. Кокус жаңжал тутанып кете турган болсо, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун субмариналары АКШ же НАТОнун каалаган өлкөсүнүн жээктерине байкалбай жетип, суу түбүндө туруп бир нече мүнөт ичинде аскердик-стратегиялык инфраструктураны талкалай алат.

РФ президенти Владимир Путин душмандын ракеталары кое берилген жана чечим кабыл алынган райондор жооп-кабыл алуу иретиндеги автоматташтырылган соккунун айрым алгоритмдерин ачыктаган. Ал эми гипер үндүү "Циркон" – Пентагон жана НАТО үчүн Россиянын Аскердик-деңиз флотунун арсеналындагы жалгыз "күтүүсүз белек" эмес.

"Өнөктөштөрдүн" түшүнө кирбеген саамалыктар

РФтин азыркы Аскердик-деңиз флотунун өнүгүшүндө суу түбүнө басым жасалганы байкалат. "Ясень-М" жана "Борей-А" долбоорлорунун 4-муундагы бир нече атомдук субмаринасы ушул айдын ортосунда дароо деңизге сыноого чыкты.

Андан мурдараак, тагыраак, июлдун ортосунда, 09852 долбооруна таандык атайын багыттагы "Белгород" суу түбүндөгү атомдук кайыгы деңиз мейкиндигине алгач ирет сүзүп чыкты. Эске салсак, бул учкучсуз термоөзөктүү "Посейдондорду" ташыйт.

Чектен тышкаркы 1000 метрге чейинки тереңдикте иштей алчу универсалдуу "Ихтиозавр" торпедалары менен россиялык флот ушул айда жабдыла баштады.

Бул ылдамдыгы (50 узел же саатына 93 чакырымга чукул), дабышсыздыгы, сүзүү ыраактыгы (25 чакырым) жана америкалык "Виржиния" субмаринасы сымал буталарын аныктоо аралыгы боюнча өз тибиндеги бардык торпедаларды өзүнө дегеле караандатпайт. Бул экспорттук гана (төмөндөтүлгөн) мүнөздөмөлөрү, ал эми негизгилери купуя сыр экенин белгилей кетели.

Саммит НАТО 2021 в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
НАТОнун антироссиялык жаңы "манифести" КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурат
"Аврора" илимий-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан иштелип чыккан автономдуу терең сууларга ылайыкталган аппараттын да мамлекеттик сыноолору уланууда.

Комплекс суу түбүндөгү роботтоштурулган эки аппараттан турат. Издөөчү аппарат капталындагы гидролокатору же көп нурлуу эхолоту аркылуу деңиз акваториясындагы да, анын түбүндөгү да объектилерди аныктайт. Ал эми инспекциялык аппарат фото-видеосистема менен жабдылган. Муну менен алардын функциялары чектелбесе керек.

Россияда үндөн көз каранды болбогон суюк кычкылтектүү энергетикалык түзүлүшү бар "Сервал" чакан субмаринасы иштелип чыгууда. Суу түбүндөгү кайык душман жайгашкан жерлерге жакын тымызын аракеттерге (жээктеги объектилерге торпедалык жана ракеталык сокку урууга), ошондой эле өз аскердик-деңиз базаларын коргоого багытталган.

Субмарина 533 мм жана 324 мм калибрдеги мина жана торпедалар менен жабдылган. Кенедей "Сервал" кандай душман болбосун аскердик-деңиз күчтөрүнүн базаларында эбегейсиз "Перл-Харборду" уюштуруп кое алат. Мындан тышкары, курал салынган бөлүгүнүн модулдук схемасы субмаринага чалгындоо-диверсиялык операциялар үчүн алты аскердик сүзүүчүсү менен кичи габариттүү "Тритон" аппаратын ташуучу катары да кызмат кылууга жол ачат.

Эгер суу бетиндеги флоттон кеп сала турган болсок, РФ Коргоо министрлиги жогорку автоматташтырылганы менен айырмаланган (бортунда робот орнотулган) 22160 долбоорунун "Василий Быков" күзөт кемелерин дагы сатып алууну пландоодо. Кемелер модулдук принципте жасалган, бул так бир аскердик милдетти аткаруу үчүн керектелген куралды бачым эле орнотуп коюуга мүмкүндүк берет.

Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Бешинчи муундагы Су-57 америкалык учактарды рыноктон сүрүп чыгарат
"Редут" жана "Панцирь-М" зениттик, ошондой эле кайыкка каршы коргонуу комплекстери, "Калибр-НК" канаттуу ракеталары орнотулган модулдар, гидроакустикалык станциялар жана башка жабдыктар 40 фут деңиз контейнерлерине салынат. Алар кемеге орнотулуп, бир кубаттагыч жана бирдиктүү башкаруу тутумуна туташтырылат.

22160 долбоору да суу түбүндө жана суу бетиндеги учкучсуз аппараттардын бардык тибин пайдаланууга ылайыкташтырылган. 2023-жылга дейре флот алты "Быковду" алары бышыкталган, бирок андан да көп зарыл болот.

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен күчкө таянып диалог куруу аракеттеринен майнап чыкпас, "достукка жатпаган аракеттердин мизи катуу жана чечкиндүү түрдө кайтарылат" дегенине "өнөктөштөрү" кулак салып, Россиянын Аскердик-деңиз флотунун жогорку технологиялык инструменттерин бир эстеп койгон оң көрүнөт.

Россиянын гиперүндүү ракеталары улуттук коопсуздукту чыңдоо жана "өнөктөштөрү" менен аскердик паритетти калыптандыруу үчүн жасалган. Кошмо Штаттар жана НАТО РФ жана союздаш Беларусь Республикасынын чек араларына "кош багыттагы" ракеталык системаларды бир топ жыл бою улам жакындатып келген. Пентагон таамай канаттуу ракеталар менен "өзөктүк эмес ыкчам сокку" стратегиясын металл менен ишке ашырууну көздөгөн. Анткен менен "Циркон" жана башка россиялык гиперүндүү ракеталар бүгүнкү күндө аскердик паритетти калыптандырып, агрессивдүү Батышка коргоо технологиялары боюнча жарышта ордун көрсөтүп коюшту.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0