Өкмөттүн бир чечимди кабыл аларда макулдашуусу эле көбөйүп кетет. Тиги ведомство, бул орган менен макулдашып отуруп, кээ бир учурда жети, сегиз ай күттүрүп коюшат. Андыктан министрлер кабинетине чечим кабыл алуусуна бир белгилүү мөөнөт бекитип, мыйзамга киргизиш керек. Мындай пикирин Аалы Карашев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерин акимдер дайындагыдай кылбай, тескерисинче, конкурстук негизде өткөрүү абзел. Ошондо ачык-айкындуулук камсыздалып, тааныш-билиши жок билимдүү жаштар да катыша алат.
"Министрлер кабинети жөнүндө мыйзам долбоору райондук администрациядагы президенттин өкүлүнүн колун узартуу максатында сунушталган, бирок мүчүлүштүктөрү көп. Биринчи кезекте акимдерге укукту берүүдөн мурда аларга бюджет бөлүп бериш керек. Жөн гана айлык акыга кетүүчү каражат менен чектебей, өнүктүрүүчү бюджети болсо анан укугун кеңейтип, милдет артсак болот. Алар фонддору менен отурушат. Азыр мына ушул сыяктуу маселелерге көңүл буруп, мамлекеттик кызматкерлердин колу-бутун буубай аларга тиешелүү мыйзамдарды тезирээк кабыл алып беришибиз керек. Анткени мамлекеттик, муниципалдык жүздөгөн кызматкерлер мындан ары кандай иштешин билбей күтүп отурушат", — деди Карашев.
Депутат ишкерлерди текшерүүчү органдарды сегиз министрликке чачыратып бөлүп салуу, тескерисинче, бизнестин өнүгүшүнө кедергисин тийгизерин кошумчалады.
Эске сала кетсек, президент тарабынан "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталып, ал 22-июлда эл өкүлдөрүнүн кескин сынына кабылып, кайрадан редакциялоого артка кайтарылган.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: