Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 6-августта Түркмөнстанда жолугат

© Фото / Дильшода РахматоваБорбор Азия өлкөлөрүн желектери. Архив
Борбор Азия өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Жазылуу
Президенттер бул жолку саммитте көзмө-көз жолугушат. Алгач иш-чара Бишкек шаарында болору пландалып, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылып кеткен.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 6-августта Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн башчылары Түркмөнстанга консультативдик жолугушууга барышат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Бирдирүүгө караганда, жолугушуу "Аваза" улуттук туристтик аймагында өткөрүлөт. 24-июль күнү өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов иш-чарага даярдык боюнча сүйлөшкөн.

"Күн тартиби жана иш-чаранын программасы боюнча эки президент пикир алышты", — деп жазылат кабарда.

Аймак лидерлеринин консультативдик жолугушууларга чогулуп туруу идеясы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык. Биринчи саммит 2018-жылы Казакстанда, экинчиси 2019-жылы Өзбекстанда өткөн. 2020-жылкысы Бишкекте болмок, бирок пандемияга байланыштуу быйылкы жылга калтырылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0