Министрдин орун басары Урмамбетов айдоочуларга жол эрежелерин түшүндүрдү. Сүрөт  

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов текшерүү учурунда
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов текшерүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2021
Жазылуу
Акыркы убакта Чүйдө жана Ысык-Көлдө жол кырсыктары көп катталууда. ИИМ өкүлү каргашаларды алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МВД КРЗамминистра внутренних дел проинспектировал несение службы нарядами ГУОБДД, УОБДД по ГУВД Чуйской области и УОБДД по УВД Иссык-Кульской области. 24 июля 2021 года
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды
© Фото / пресс-служба МВД КРЗамминистра внутренних дел Октябрь Урмамбетов проинспектировал несение службы нарядами ГУОБДД, УОБДД по ГУВД Чуйской области и УОБДД по УВД Иссык-Кульской области. 24 июля 2021 года
Ага ылайык, Урмамбетов жол кырсыктарын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ага ылайык, Урмамбетов жол кырсыктарын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген
1/2
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган жол тескөөчүлөрдү текшерүүгө алды
2/2
Ага ылайык, Урмамбетов жол кырсыктарын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген

Ага ылайык, Урмамбетов жол кырсыктарын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү үчүн комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгилеген.  

Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздагандарга кызмат өтөө учурунда жеке коопсуздук чараларын катуу сактоо керектигин айткан.  

"Андан сырткары, Октябрь Урмамбетов Бишкек — Чолпон-Ата каттамы боюнча ылдамдык режимин бузган айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. ИИМ башчысынын орун басары ар бири менен маектешкенде айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы барлар дагы жол эрежелерин билбей тургандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.  

Андан кийин кеңешменин жүрүшүндө Ысык-Көл милициясынын ЖКККБнын жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу иштерин жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган. Өзгөчө мас абалында автоунаа башкарган айдоочуларга катуу чара көрүлүшү керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0