Аксыдагы 8 кишинин өмүрүн алган сел. Кичинекей баланын сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧСӨКМ кызматкерлери сел жүргөн Аксы районунун Жолборсту айылында издөө иштери учурунда
ӨКМ кызматкерлери сел жүргөн Аксы районунун Жолборсту айылында издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Ушуну менен сел алган 8 кишинин баарынын сөөгү табылды. Каргашадан алты чоң киши, эки кичинекей бала көз жумду.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Аксыда сел агызып, дайынсыз болуп жаткан беш жаштагы баланын сөөгү табылганын ӨКМ кабарлады.
Сход селевых потоков в Аксыйском районе Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Мамлекет Аксыда сел алган адамдардын үй-бүлөсүнө 1,6 млн. сом жардам көрсөттү
Эки күндөн кийин үч жашар кыз баланын сөөгү табылган болчу. Ал эми дагы бир бала дайынсыз болуп жаткан. Жалал-Абаддын облустук милициясы бөбөктү сел суу жээгинде ойноп жаткан жеринен агызып кеткенин билдирген.
"Ак-Жол айыл аймагында Кара-Суу менен Нарын дарыяларынын кошулган жеринде 5-6 жашар баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ата-энеси көз жумган бөбөк алардын баласы экенин тастыктады", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.
Ушуну менен сел алган 8 кишинин баарынын сөөгү табылды. Каргашадан алты чоң киши, эки кичинекей бала көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0