00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Инанды менен кезиккен Мелис Турганбаев эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди

© Sputnik / Виктор ТолочкоМурдагы ИИМ жана ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев. Архив
Мурдагы ИИМ жана ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголсо, 31-май күнү кечинде Мелис Турганбаев менен кезигип, экөө жарым сааттай сүйлөшкөнү белгилүү болду.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мурдагы ИИМ жана ЖАМК башчысы Мелис Турганбаев "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды менен жоголор алдында кезиккен. Маалыматты экс-министр тастыктады.
Эскерте кетсек, бүгүн айрым ЖМКлар Инанды менен акыркы болуп Мелис Турганбаев жолукканын жазып чыгышты.
Турганбаевдин айтымында, Инанды менен 31-май күнү кечинде жолугуп, досторунун жеке мектебин ачууну талкуулашкан. Андан кийин Грузияга учуп кеткен.
"Орхан Инанды менен 20 жылдан бери таанышпыз, мамилебиз жакшы, өзү жакшы адам. Тааныштарымдын, туугандарымдын балдары окуду ("Сапат" лицейинде). Кээде арзандатуулар, киргизүү жол-жобосу тууралуу сүйлөшүп калчубуз. Акыркы жолугушууда деле жеке мектеп ачалы деп сүйлөшкөнбүз, ал достордун мектеби болмок. Жарым гана саат жолуктук. Мен түнү менен учушум керек болчу. Украинада жана Грузияда спорт жаатында иштерим бар болчу. Кетеримди билип кечинде өзү кезигели деп чалган", — деди Турганбаев.
Ошондой эле мурдагы ИИМ башчысы Инанды коркутуулар тууралуу эч качан айтпаганын билдирди.
"Биз жолуккан убакта коркутуулар болуп жатат деп айткан эмес. Андан мурун деле бул тууралуу сөз кылган эмеспиз. Кыргызстанда анын көйгөйү жок. Аны менен кезиккенимди, учуп кеткенимди органдар билчү, жактоочу (Таалайгүл Токтакунова — ред.) мен тууралуу айткандан көрө өз иши менен алектенсе болмок", — деди Турганбаев.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Орхан Инандынын унаасынан тартылган соңку кадрлар. ШИИБ адвокатка жооп берди
Ал укук коргоо кызматкерлери менен байланышта болуп, Орхан Инандыны издөө иштери боюнча маалыматты билип турарын кошумчалады.
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирүүдө.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0