https://sputnik.kg/20210605/bishkek-zhol-kire-kattam-mehriya-1052736737.html
Бишкекте айрым маршруткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты
Бишкекте айрым маршруткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты
Sputnik Кыргызстан
Мэрия шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсоңор сүрөт, видеого тартып жөнөтүүнү өтүнөт. 05.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-05T13:23+0600
2021-06-05T13:23+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
жол кире
тариф
маршрутка
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051142714_0:161:3069:1887_1920x0_80_0_0_b1b1b719ef95871573d4cc4db1353053.jpg
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазышууда.Журналист Семетей Аманбеков капталдагы терезесине "жол кире 15 сом" деп жазып алган №199 маршрутканын сүрөтүн жүктөп, айдоочулар өз алдынча тарифти көтөрүп алганына таң калган.Ал шаардык бийликтин мындайга жол берип, көзөмөлдөн чыгарып жибергенине нааразычылыгын билдирди.Белгилей кетсек, борбор калаада маршруттук таксилер жол кирени көтөрүү талабын коюп 2-июндан бери жумушка чыкпай жатат.
https://sputnik.kg/20210603/ehki-firmaga-ajyp-salyndy-1052717257.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/12/1051142714_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_628610a103abed8ffc5943a23f54d182.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, жол кире, тариф, маршрутка
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, жол кире, тариф, маршрутка
Бишкекте айрым маршруткалар жол кирени 15 сомго көтөрүп, каттамга чыкты
13:23 05.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мэрия шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсоңор сүрөт, видеого тартып жөнөтүүнү өтүнөт.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазышууда.
Журналист Семетей Аманбеков капталдагы терезесине "жол кире 15 сом" деп жазып алган №199 маршрутканын сүрөтүн жүктөп, айдоочулар өз алдынча тарифти көтөрүп алганына таң калган.
Ал шаардык бийликтин мындайга жол берип, көзөмөлдөн чыгарып жибергенине нааразычылыгын билдирди.
Ал эми мэриянын маалымат кызматы жол кирени 15 сомго көтөрүп алган факты катталганын ырастады. Ошондой эле аларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирди. Аны менен катар шаардыктарга кайрылып, эгер ушул сыяктуу фактыларга күбө болсо сүрөт, видеого тартып 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтүүнү өтүнөт.
Белгилей кетсек, борбор калаада маршруттук таксилер жол кирени көтөрүү талабын коюп 2-июндан бери жумушка чыкпай жатат.