Оштон — Көлгө, Таластан — Жалал-Абадга. Жапаров ротациялаган акимдердин тизмеси

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгын ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан акимдер аттестациядан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен айрымдар иштен кетсе, кээ бирлери башка районго аким болду.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, өлкөдөгү райондук администрациялардын башчылары, тагыраагы, акимдер ротацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ротациянын негизинде Жети-Өгүз менен Өзгөндүн акимдеринин иш орундары алмашса, Ак-Талаанын акими Араванга кетип, Аравандын мурдагы жетекчиси Сокулук районун башкарып калган.
Тизмеге көз салып, Кыргызстандагы райондун башчылары аймактык өтө айырмачылыктар менен алмашкандыгын байкоого болот.
"Бул документти ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия акимдерди аттестациядан өткөрдү. Мындан тышкары Мамлекеттик кадр кызматы талапкерлерди аймактык кадрлар резервине тандашты", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык төмөнкү акимдер ротация болду:
  • Раматов Мурат Садинович Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп дайындалды;
  • Мейматкулов Руслан Маматибраимович Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Сыдыков Замирбек Бейшенович Талас облусунун Талас районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун акими болуп дайындалды;
  • Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп Нармырзаев Нургазы Жакыпович дайындалды;
  • Сатаров Нурбек Бейшеналиевич Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Нарын облусунун Ат-Башы районуна Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович аким болуп барды;
  • Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Чүй облусуна караштуу Кемин районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Жумаев Алайбек Мусаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Жайылов Таалайбек Ташиевич Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды;
  • Тукебаев Акылбек Алиякунович Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп дайындалды;
  • Насиров Мунарбек Жумабаевич Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Ногоев Турусбек Молдобекович Чүй облусунун Жайыл районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды;
  • Түркбаев Төрөгелди Калыбекович Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Жайыл районунун акими болуп дайындалды;
  • Сыдыкназаров Баратбек Жалалбекович Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими болуп дайындалды;
  • Сагымбаев Бектур Абдыразакович Талас облусунун Кара-Буура районунун акими болуп дайындалды;
  • Сеңирбаев Алтынбек Жыргалбаевич Нарын облусунун Нарын районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун акими болуп дайындалды;
  • Мадимаров Нуридин Султанович Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Карагулов Мирлан Кынатбекович Чүй облусуна караштуу Москва районунун акими кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды;
  • Козуев Ниязбек Эгемкулович Чүй облусунун Москва районунун акими болуп дайындалды;
  • Козуев Бакыт Садыкович Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун акими болуп дайындалды;
  • Сатыбалдиев Жанысак Манасбекович Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды;
  • Курмантаев Нуралы Шакенович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Кенжебаев Аманкан Батырбекович Чүй облусунун Сокулук районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды;
  • Айтибаев Курбанбек Гайыпбекович Ош облусуна караштуу Араван районунун акими кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван районунун акими болуп дайындалды;
  • Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими болуп дайындалды;
  • Абыкеев Темирболот Асаналиевич Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды;
  • Камчыев Курбанбек Камчыевич Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп дайындалды;
  • Иманалиев Данир Белекович Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды;
  • Адиев Каныбек Маматбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими кызматына дайындалды;
  • Астанакулов Байышбек Кахроманович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматына дайындалды;
  • Апбасов Каныбек Сагынбекович Ош облусуна караштуу Алай районунун акими болуп дайындалды;
  • Жумадылов Калыбек Аманатович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалды.
  • Матанбаев Жамшит Кадырович Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун акими болуп дайындалды;
  • Имаров Алгынбай Төралиевич Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды;
  • Жээнбеков Досмамбет Аматович Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды.
"Жапаровдун "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгынын максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү", — деп билдирди маалымат кызматы.
Ротацияга Баткен облусу кирген эмес. 5-майда ал кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдерин дайындаган буйрукка кол койгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0