Жапаров Садыр Нургожоевич — өмүр баяны

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСадыр Жапаров — Кыргызстандын президентти
Садыр Жапаров — Кыргызстандын президентти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.
Эмгек жолу:
1991-1994 — "Солтонкул" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
1994-1996 — "Кергей" нефти компаниясынын директору;
1996-1997 — Ысык-Көл облустук ИИМдин атайын ротадагы инспектору;
1997-2001 — Мунай зат ташыган "Гузель" компаниясынын башкы директору;
2001-2005 — Балыкчы шаарындагы "Нурнефтегаз" мунай компаниясынын башкы директору;
2005-2007 — Жогорку кеңештин депутаты, "Келечек" фракциясынын жетекчиси;
2006 — Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү;
2007 — Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары;
2008-2010 — Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары;
2010-2013 — Жогорку кеңештин депутатты, сотттук-укуктук маселелер боюнча комитеттин жетекчиси.
2017-жылы 25-мартта Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Экс-депутат 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаровдун жактоочулары чечимди өзгөртүү үчүн Аламүдүн райондук сотуна кайрылышкан. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.

2017-жылы сентябрда саясатчынын атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.
2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.
2020-жылы 14-октярбда Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп бекиди;
2020-жылы 15-октябрда Кыргызстан Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу болду;
Декабрь айында кызматын ЖК төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган;
2021-жылы 10-январда алдын ала эсептөө боюнча Кыргызстандын президенти болуп шайланды;
2021-жылы 28-январда инаугурация аземи өтүп, президенттик кызматка расмий киришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0