Акцияда ыктыярчылар Бишкектеги "Кызыл-Аскер" советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүнө 80 түп көчөт отургузушту. Негизи ар бир жаран өзүнүн согушка катышкан ата-бабасына арнап бак тиксе болот.
Фашисттик Германия менен болгон согуштун башталышынын 80 жылдыгына багышталган акцияга дүйнө жүзү боюнча 300 миңдей адам кошулду. Иш-чаранын максаты — Улуу Жеңиштин, тынчтыктын жана достуктун урматына дүйнө жүзү боюнча 27 миллион дарак отургузуу.
Эл аралык акция биринчи жолу 2020-жылы 18-мартта Россияда башталган. Анда согушта курман болгон 27 миллион адамдын жаркын элесине арналган бак буга чейин Севастополь, Керчь, Симферополь, Феодосия, Волгоград, Новороссийск, Анапа жана Грозный шаарларында отургузулган.

Бишкекте "Эскерүү багы" эл аралык акциясы өттү

Акциянын алкагында ыктыярчылар "Кызыл-Аскер" советтик жоокерлердин жалпы көрүстөнүнө 80 түп дарак көчөтүн отургузушту

Иш-чара Фашисттик Германия менен болгон согуштун 80 жылдыгына арналды

Иш-чаранын максаты — Улуу Жеңиштин, тынчтыктын жана достуктун урматына дүйнө жүзү боюнча 27 миллион дарак отургузуу

Ар бир жаран согушка катышкан өзүнүн ата-бабасына арнап бак тиксе болот

Эл аралык акция биринчи жолу 2020-жылы 18-мартта Россияда башталган

Акциянын алкагында Бишкекте 80 түп дарак көчөтү отургузулду

Согушта курман болгондорго арналган бак буга чейин Севастополь, Керчь, Симферополь, Феодосия, Волгоград, Новороссийск, Анапа жана Грозный шаарларында отургузулган

Эми акцияга Бишкек шаары да кошулду

Бүгүнкү күндө эл аралык акцияга Россияда жана башка чет өлкөлөрдө бардыгы болуп 300 миңдей адам кошулду
