https://sputnik.kg/20210322/futbol-kr-olimpiadalyk-kuram-nepal-meldesh-katyshuu-1051857039.html
Өлкөнүн футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалдагы мелдешке катышат
Өлкөнүн футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалдагы мелдешке катышат
Sputnik Кыргызстан
Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча өтүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыкмакчы. 22.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-22T09:53+0600
2021-03-22T09:53+0600
2021-12-15T22:51+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
спорт
олимпиадалык оюндар
футбол
команда
курамы
https://sputnik.kg/img/07e5/03/16/1051857058_0:172:1280:896_1920x0_80_0_0_93ad66ffdaa24bdac30f953322abef4a.jpg
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футболдук союзу өлкөнүн жаштар (U-23) командасынын курамын жарыялады. Алар бүгүн Непалда башталуучу "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышат.Командага 23 жашка чыга элек футболчулар кирди.Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча жүрүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Эки мыкты команда финалда ойнойт. Беттештердин баары Катманду шаарындагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өтөрү белгилүү болду.Олимпиада оюндарына 23 жашка чейинки футболчулар катышкандыктан, бул курама команда олимпиадалык деп аталат. КФС билдиргендей, мелдешке улуттук команданы чакырышкан. Деген менен өлкөнүн футболдук уюму U-23 курамын жиберүүнү туура көргөн.Нурбек Жолдошев башында турган машыктыруучулар штабы мелдеште ойноочу курамды аныктады.Дарбазачылар:Коргоочулар:Жарым коргоочулар:Чабуулчулар:КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт
https://sputnik.kg/20210315/kyrgyzstan-futbolchu-gulzhigit-alykulov-afk-aptanyn-oyunchusu-naam-1051772200.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/16/1051857058_0:92:1280:896_1920x0_80_0_0_d16f02507f2cca8fdf2febd34252468d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, олимпиадалык оюндар, футбол, команда, курамы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, спорт, олимпиадалык оюндар, футбол, команда, курамы
Өлкөнүн футбол боюнча олимпиадалык курамы Непалдагы мелдешке катышат
09:53 22.03.2021 (Жаңыртылды: 22:51 15.12.2021) Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча өтүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыкмакчы.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футболдук союзу өлкөнүн жаштар (U-23) командасынын курамын жарыялады. Алар бүгүн Непалда башталуучу "Үч улуттун кубогу" мелдешине катышат.
Командага 23 жашка чыга элек футболчулар кирди.

15 Жалган Куран 2021, 10:40
Мелдеште Кыргызстан, Бангладеш жана Непал командалары таймашат. Турнир айлампа системасы боюнча жүрүп, тайпадагы командалар бири-бири менен ойноп чыгышат. Эки мыкты команда финалда ойнойт. Беттештердин баары Катманду шаарындагы "Дашаратх Рангасала" стадионунда өтөрү белгилүү болду.
Олимпиада оюндарына 23 жашка чейинки футболчулар катышкандыктан, бул курама команда олимпиадалык деп аталат. КФС билдиргендей, мелдешке улуттук команданы чакырышкан. Деген менен өлкөнүн футболдук уюму U-23 курамын жиберүүнү туура көргөн.
"U-23 курама команда быйыл Азия чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Ошондуктан биз аны сынап көрүүнү чечтик. Мындай мелдештер команданын тактикалык жана практикалык жактан даярдыгы үчүн маанилүү. Бул Олимпиада оюндарына тандоого таасирин тийгизбеген жергиликтүү турнир", — деп айылат КФСтин маалыматында.
Нурбек Жолдошев башында турган машыктыруучулар штабы мелдеште ойноочу курамды аныктады.
- Эржан Токотаев ("Алга");
- Артем Прядкин ("Илбирс");
- Камолиддин Ташиев ("Абдыш-Ата");
- Жаныбек уулу Аманжан ("Алга");
- Кумарбай уулу Баяман ("Дордой");
- Тимур Мажидов ("Нефтчи");
- Аброр Аскаров ("Нефтчи");
- Бакыт уулу Султан ("Абдыш-Ата");
- Эрлан Маширапов ("Алай");
- Бейбарс Абдрахманов ("Алга").
- Темирболот Тапаев ("Алга");
- Тимур Ороз уулу ("Каганат");
- Эрназ Абилов ("Дордой");
- Гулжигит Бөрүбаев ("Дордой");
- Амир Жапаров ("Абдыш-Ата");
- Айдар Ажымамбетов ("Алай");
- Келдибек Талантбек уулу ("Алай");
- Ислам Межитов ("Абдыш-Ата");
- Данил Артюков ("Алга").
- Максат Алыгулов ("Абдыш-Ата");
- Маматзия Жолдошев ("Дордой");
- Рыскелди Артыкбаев ("Дордой").
КР футбол командасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндары жайында Японияда өтөт