Төөчөн салгылашып, атчан дубалды жарып кирип... Каскадёр Эдил Молдалиевдин маеги
16:27 13.03.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Кыргыз баласы ат жалында шамалдай ойноп турганы кадимки көрүнүш. Бирок көгүлтүр экран артында опурталдуу, машакаттуу трюктарды жасап, дүйнө элин суктандырыш ар бир эле эр жигиттин маңдайына жазыла бербесе керек.
Эр жүрөктүүлүктөн сырткары тынымсыз эмгекти талап кылган каскадёрлук таланты менен Болливуд, Голливудду багындырган мекендешибиз, бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону Эдил Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна келип, маек куруп берди.
Белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун шакирти, "Томирис", "Чыңгыз хан", "Дневной дозор" сыяктуу тасмаларга тартылып, "Азия жигиттеринин" даңкын чыгарган Эдил Молдалиев тасмаларда жараткан ролдорунан тарта кыргыз ат оюндарынын философиялык маанисине чейин токтолду.
— Эдил мырза, каскадёр катары ата мекендик, дүйнөлүк тасмаларда роль жаратып, көптөгөн жетишкендиктерди багындырдыңыз. Каскадёрлук оор кесиптердин бири эмеспи. Бул тармакка кандайча келип калдыңыз эле?
— Устатым Үсөн Кудайбергенов менин бул тармакка келип, ийгилик жаратып калышыма себепкер болду. Аскердик кызматты өтөп келгенден кийин спорт менен олуттуу машыгып, бокс боюнча СССРдин спорт чебери наамына чейин жеттим. Кийин өлкөдө панкратион боюнча федерацияны түптөдүк. Ошол учурда режиссёр Тимур Бекмамбетовдун афган согушу тууралуу "Пешеварский вальс" фильмине актёр-каскадёр болуп тартылып калгам. Ал кезде казактар көп кино тартчу. Үсөн Кудайбергенов каскадёрлордон турган атайын топ түзүп, чогуу иштешип көп нерсе үйрөндүм. Ошентип уланып кетти. Чындыгында анын чеберчилиги дүйнөнү таң калтырып турган кез эле. Кыргызстанда Кудайбергенов күчтүү мектеп түптөдү. Ошондуктан анын шакирттери дүйнөлүк аренада таанылып, ири долбоорлордо иштеп келишет. Ал союздук бардык киностудияларда эмгектенип, бир топ тасмаларда роль жараткан. Кийинчерээк чет өлкөдөн белгилүү киностудиялардан чакыруу түшүп, мыкты режиссёрлор менен да иштешкен. Анын арты менен биз да каскадёрлукту аркалап калдык.
© Фото / из личного архива Эдиля МолдалиеваМолдалиев: устатым Үсөн Кудайбергенов менин бул тармакка келип, ийгилик жаратып калышыма себепкер болду
Молдалиев: устатым Үсөн Кудайбергенов менин бул тармакка келип, ийгилик жаратып калышыма себепкер болду
© Фото / из личного архива Эдиля Молдалиева
— Кыргызстанда каскадёрлук кандай өнүктү?
— Биздин өзүбүздүн тарыхыбыз бар. Көп адамдар каскадёрлуктун өнүгүшүнө салым кошту. Алсак, Султан, Сатар Дыйканбаев аттуу бир туугандар да чеберчилиги менен таанылып, 90-жылдары атайын студия ачкан. Ошондон улам Кыргызстанга Болливуддан дүйнөгө таанымал Радж Гапурдун уулу Шаши Капур "Кара ханзада" деген тасма тартып, анда Амитабх Баччан башкы ролду жараткан. Андан кийин өлкөгө Голливуд да келген. "Чынгызхан" тасмасы да Кыргызстанда тартылып, италиялык, америкалык белгилүү актёрлор чакыртылган. Алардын катарында атактуу актёр Ричард Тайсон да болгон. Биз да ал тасмаларда трюктарды аткарып катышып калдык. Бул окуялардын баары мага өзгөчө таасир берди.
— Учурда командаңыз менен казакстандык топтун атынан чыгып келесиз. Кыргызстанда атайын команда түптөп, өзүнчө мектеп түзүү оюңузда болдубу?
— Ооба, биз казакстандык Nomad Stunts каскадёрлор тобунда иштеп келебиз. Учурда бул топ Азияда эң алдыңкы сапта турат. Жайдарбек Кунгужинов топтогон команда дүйнөлүк тасмаларда роль жаратып, "Томирис" фильминдеги мыкты чеберчилигибиз үчүн Taurus деген "каскадёрлор арасындагы Оскар" сыйлыгын утуп алдык. Негизинен устатыбыз Үсөн Кудайбергеновдун жолун жолдоп иштеп жатабыз. Андан үйрөнгөнүбүздү кийинки жаштарга айтып, билгенибизди мурас кылып калтыруудабыз. Менин оюмча, ушул эле чоң мектеп болсо керек.
© Sputnik / Максат ЭлебесовМолдалиев: аскердик кызматты өтөп келгенден кийин спорт менен олуттуу машыгып, бокс боюнча СССРдин спорт чебери наамына чейин жеттим
Молдалиев: аскердик кызматты өтөп келгенден кийин спорт менен олуттуу машыгып, бокс боюнча СССРдин спорт чебери наамына чейин жеттим
© Sputnik / Максат Элебесов
— Кыргызстандык каскадёрлорду эл аралык деңгээлде кандай баалашат?
— Биз Россияга барганда "Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери" дешет. Мисалы, болгарлар да көчмөндөрдүн тукуму да. Алар деле биздей болуп кадимкидей айран ичишет экен. Советтик учурда Болгарияда "Хан Аспарух" деген фильм тартылган. Аспарух алардын өлкөсүнүн түптөөчүсү болгон экен. Ошол тасмада кыргыз роль жараткан деп суктанышат. Польшага барсак, индиялыктардын "Али-Баба жана кырк каракчы" тасмасындагы каскадёрлор деп таанышат экен. Кайда барсак да бизди дайыма баалап, өзгөчө мамиле кылашат.
— Каскадёрлор киного кандай даярдык көрүшөт?
— Алгач сценарийди колго алып, толук таанышып чыгабыз. Окуя кайда, кайсы доордо болуп жаткандыгын, башкы каармандардын ролун карап, изилдейбиз. Негизи бизге тиешелүү эпизоддоруна дыкат көңүл бурулат. Мисалы, советтик доордо техникалык жактан кыйынчылыктар болчу. Режиссёрлор сүрөткө тартып, каскадёрлорго көрсөтүп, окуяны алар кандай көрүп жатканын айтып беришчү. Мушташкан учурларды, согуш майданын сүрөттөп, түшүндүрмөлөрдү айтып турушкан. Ал эми азыр даярданып жаткан учурда бардык бөлүктөрдү видеокамерага түшүрүп, аны монтаждап, тиешелүү музыкаларын коюп, кинонун режиссёру жана продюсерине көрсөтөбүз. Сценарийден тышкары каскадёрлордун чеберчилигине жараша да көп жерлери өзгөрүп, алымча-кошумчалар болот. Бул нерсе көп учурда биз тараптан демилгеленгендиктен колдоо таап, сценарийди да өзгөртүшөт. Бул, албетте, кинонун маңызын, көркөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында болот. Ушинтип эки тарап тыгыз байланышта иштейбиз.
© Фото / из личного архива Эдиля МолдалиеваМолдалиев: Кыргызстанга Болливуддан дүйнөгө таанымал Радж Гапурдун уулу Шаши Капур "Кара ханзада" деген тасма тартып, анда Амитабх Баччан башкы ролду жараткан
Молдалиев: Кыргызстанга Болливуддан дүйнөгө таанымал Радж Гапурдун уулу Шаши Капур "Кара ханзада" деген тасма тартып, анда Амитабх Баччан башкы ролду жараткан
© Фото / из личного архива Эдиля Молдалиева
— Тарыхый тасмалардын көбүндө ат пайдаланылып трюктар аткарылат. Негизи аттар кантип тапталат?
— Ат — адамдын канаты дейт. Биз жылкы менен өскөнбүз. Ат жалында чоңойгонбуз. Ал биздин досубуз. Эми "жаны бар" деп бекеринен айтпайт да. Бирок ага өзгөчө астейдил мамиле кылабыз. Аны кыйноо бизге жарашпайт, убал болот. Ошондуктан аттар атайын чоң даярдыктан өтөт. Кээ бир жылкылардын биз менен 20 жылдай чогуу иштешкендери бар. Атты кулатып, секиртип, чуркатып таптайбыз. Айтор, даярдык убакытты талап кылат. Өзүбүздүн аттар менен иштейбиз деп айрымдарын Кытайга, Россияга чейин алып барабыз. Кээде алыс жерде бөлөк аттар менен иштеп калабыз. Маселен, Англияда жылкыга такыр башкача мамиле жасашат. Камчыларды алып чыксак, "камчыңарды каткыла, бизде атты урбайт" деп айтышты. Бирок аларда атты башкаруу үчүн оозун темирге толтуруп, катуу ооздуктарды, өтүккө бекитилген атайын үзөңгүлөрдү колдонушат экен. Көзгө көрсөтпөй атты кыйнашат да. Бизде "жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы" дейт. Күлүк атка камчыны көрсөтүп койсо эле түшүнөт. Аны урбайбыз да. Муну чет жерде башкача кабыл алышат экен.
© Фото / из личного архива Эдиля МолдалиеваМолдалиев: "Чынгызхан" тасмасы да Кыргызстанда тартылып, италиялык, америкалык белгилүү актёрлор чакыртылган
Молдалиев: "Чынгызхан" тасмасы да Кыргызстанда тартылып, италиялык, америкалык белгилүү актёрлор чакыртылган
© Фото / из личного архива Эдиля Молдалиева
— Убагында Үсөн Кудайбергенов көп тасмаларда кооптуу эпизоддорду аткарган. Фильм үчүн Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секиргени белгилүү. Ал трюгу менен Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине да катталган. Сиз да көп тасмаларда роль жараттыңыз. Кооптуу эпизоддордон айтып бериңизчи?
— Негизи трюктардын жеңили жок. От жана суу менен иштөө абдан кыйын. Айталы, "Шок" деген өзбек тасмасында Үсөн байкебиз отко бетин күйгүзүп алган. Убагында атагы чыккан Сүймөнкул Чокморов агабыз да Суусамырдагы сууда аты агып, бөйрөгүнө суук тийип, ден соолугун жоготту да. Ошолордун баарын эске алып, биз атайын гидрокостюмдарды колдонобуз. "Сүймөнкул агабызды Көкөмерен суусуна сала бербей, гидрокостюм кийгизип коюшпайт беле" деп өкүнүп калабыз. Мисалы, дүйнөлүк аренада иштеп жүрүп, биз, каскадёрлор, көп нерсени үйрөндүк. Ачык айтканда, мурда каскадёрлорду, актёрлорду аяган эмес. Колу-буту сынып, денеси айрылган учурлар көп болгон. Азыр чет өлкөдө бизди жакшы карашат. Коопсуздугубузду биринчи орунга коюп, бардык жагынан камсыздандырышат. Иштин оордугу боюнча айтсак, акыркы болуп Грузияда пайгамбарлар доорунда жашаган Али имам тууралуу тасмага тартылдык. Ошондо төөлөр менен чабуулга чыктык. Аларды Казакстандан учак менен алып келишти, даярдадык. Бирок алар көнбөй, көп кыйналдык. Ат минип жүрүп, дароо төөнү башкаруу татаал да. Жапайы бир өркөчтүү төөлөр болгондуктан иштөө бир топ эле оор болду. Тимур Бекмамбетовдун "Дневной дозор" деген тасмасында аксак Тамерландын ролунда катуу дубалды ат менен жарып кирген эпизодун аткаргам. Алдымдагы ат Кыргызстандан алынып, көк бөрүдө чабылып жүргөн. Ошондо дүйнөгө атым чыкты. "Азиянын жигиттери", "Кыргыз чабандестери" деп жакшы таанып калышты.
— Убагында апаңыз "Ырдын жаралышы" деген тасмада кош бойлуу кезинде кыз куумайда катышып, роль аткарган. Сиз ошондо апаңыздын курсагында турбайсызбы...
— Ал окуя Совет доорунда мен төрөлгөнгө чейин болуптур. Атам, апам экөө тең жаш, жаңы эле үйлөнүшкөн экен. Үйгө кино тарткан топ келип калып, "мектептеги балдар, кыздарды издеп жүрөбүз. Силер абдан жаш көрүнөт экенсиңер, эртең экөөң кыз куумайга чыккыла" деп калышат. Биздин ата-энелер ат минип эле чоңойгон да. Жаңы турмушка чыккан апам макулдугун берген экен. Бирок кыз куумай учурунда күйөрмандар кол чаап, ат үркүп, апам аттан кулап түшүптүр. "Эч нерсе деле болгон жокмун" дейт кийин сурасам. Бекеринен "кыргыз ат үстүндө төрөлөт, ат үстүндө жашайт, ат үстүндө асманга чаап кетет" деп айтылбайт да.
— Каскадёрлуктан сырткары Дене тарбия жана спорт академиясында мугалим болуп иштеп, жаштарга билгениңизди үйрөтүп келет экенсиз?
— Каскадёрлук менен тарыхый фильмдерде ат үстүндө тартылып жүрүп, көчмөндөрдүн маданиятын, насилин көп жагынан өздөштүрдүм. Ошондон улам Азияда алгачкылардан болуп "Кыргыздын улуттук ат оюндары. Анын педагогикалык мааниси" деген диссертациямды жактадым. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында улуттук спорттун түрлөрүнүн кафедрасында ат оюндары боюнча бөлүм ачтым. Мисалы, ат оюндары бирин-бири колдоп кетет. Анын 10 түрү бар экен. Алсак, ат чабыштан тай чабыш, кунан чабыш, топ байге, аламан байге чыгат. Тыйын эңмейден эр эңиш. Баарын бириктирсе көк бөрү келип чыгып атат. Көрсө биздин ат оюндары бирин-бири толуктап турат экен да. Бул боюнча 10 жылдай студенттерге билим берип, алар жогорку билимге ээ болуп, бул багытта кесипкөй адис болуп чыга келишти. Демек, алар Кыргызстандын атынан чет жерде намыс коргоп жатышат. Менин оюмча, билгенимди жаштарга айтып, аларга көп нерсе үйрөтө алдым деп ойлойм.