Чет элдик кыздар кат жазып... Кожожаштын ролун аткарган Кыдыралиевдин маеги

© Sputnik / Александр ФедоровСъемки фильма "Потомок белого барса" Толомуша Океева
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Жазылуу
Кезинде СССРдин эл артисти, залкар режиссер Төлөмүш Океев Москвада сүрөтчүлүккө окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди "Ак илбирстин тукуму" тасмасына тартылууга чакырып, жаш жигиттин жолун ачкан.
КРдин эмгек сиңирген артисти узак убакыттан бери казакстандык киночулар менен тыгыз иштешип, кыргыздардын атагын алыска чыгарып келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 66 жаштагы таланттуу актер менен маек курду. 
© Sputnik / Табылды КадырбековАктер Догдурбек Кыдыралиев: жаштыгымдын басымдуу бөлүгү коңшу мамлекетте өттү, ал жакта 15тен ашык фильмге тартылып, беш-алты тасмада башкы ролду ойнодум.
Заслуженный артист КР Догдурбек Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Актер Догдурбек Кыдыралиев: жаштыгымдын басымдуу бөлүгү коңшу мамлекетте өттү, ал жакта 15тен ашык фильмге тартылып, беш-алты тасмада башкы ролду ойнодум.
— "Ак илбирстин тукуму" кинодо тушооңузду кести. Бул тармакка кандайча аралашып калдыңыз?
— Азамат Молдобаев деген актер, досум мени Төлөмүш Океевге сунуштаган экен. Ал кезде Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда 3-курста сүрөтчүгө окуп жаткам. Бир күнү мугалимдин тапшырмасын аткарып сабакта сүрөт тартып отурсам, группалаштарым келип "биринчи кабатта сени Океев күтүп турат" деп калышты. Чыксам тасманын директору экөө турушуптур, алар менен учурашсам, "агайыңан суранып чык, сүйлөшө турган сөз бар" деп калышты. Окуу жайдагы балдардан акча чогултуп алып, үчөөбүз жатаканага кеттик. Чогулткан акчага аларды сыйлап коеюн дегем. Көрсө, алар фильм тартууга бөлүнгөн бир миллион рублди алып кеткени келишип, мага киришкен экен. Мен башында командировкаларда жүргөндө жүк көтөртүүгө жигит издеп жүрүшкөн экен деп ойлогом. Бөлмөдө сүйлөшүп чай ичип, менин сүрөттөрүмдү көрүп отурсак эле режиссер "мен Кожожаш жөнүндө фильм тартканы жатам, сен ошонун ролун ойнойсуң" деп калды. Мен чочуп кетип эле "байке, мен ойной албайм, мен сүрөтчүмүн да" деп жибердим. Океев сынакка катыша тургандыгымды, Чокморов дагы сүрөтчү болгонун айткан. Көп өтпөй эле мага чакыруу келип Фрунзеге (азыркы Бишкек шаарына) учуп келдим. Төрт-бешөөбүз фотопробага тартылып, кийим-кечелерди ченеп, мылтык атып, ат минип, тоодо жүгүрүп сынактан өтүп кеткем. Башкы каармандын ролун аткарууга Ашыр Чокубаев, Токон Дайырбеков, Сакыбек Карабаев, казакстандык Досхан Жолжаксынов бешөөбүз ат үстүндө тыйын эңип, ок атып, тоодо чуркап күч сынашып, айрым эпизоддорду аткарганбыз. 
© Sputnik / Александр Федоров"Ак илбирстин тукуму" тасмасына Кыдыралиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда 3-курста сүрөтчүгө окуп жаткат учурунда тартылган. Бул ролго Ашыр Чокубаев, Токон Дайырбеков, Сакыбек Карабаев, казакстандык Досхан Жолжаксынов талапкер болгон.
 Заслуженный артист КР Догдурбек Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Ак илбирстин тукуму" тасмасына Кыдыралиев Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда 3-курста сүрөтчүгө окуп жаткат учурунда тартылган. Бул ролго Ашыр Чокубаев, Токон Дайырбеков, Сакыбек Карабаев, казакстандык Досхан Жолжаксынов талапкер болгон.
— "Ак илбирстин тукумунан" кийин бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырып, сизге дагы жакшы эле атак-даңк алып келди окшойт?
Топ артисттин ортосунда турган белгилүү оператор Нуртай Борбиев, анын сол жагында экинчи катарда турган КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев жана үчүнчү катарда турган Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозованын сүрөтү 1984-жылы Чүй облусундагы Кегети ашуусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт
— Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган. Кино тартууда ачка-ток болосуң, үшүп-ысыйсың, карда, жаанда каласың, кокту-колотто жүрөсүң. Аны тартып тоонун башында жүрүп, кечке маал таштын үстүндө эс алып отурсак Төлөмүш Океев "Догдурбек ушул кинодон кийин бар болосуң же жок болосуң" деп койду, аны мен кийин түшүндүм. Тасма соңуна чыкканда алгач акын-жазуучу, окумуштуу, кинематографисттерге Кино үйүндө көрсөтүлүп, зал толуп калган. Мен дагы алар менен көрүп отурдум, бирок мага өзүмдүн аткарганым такыр жакпай койгондуктан эрте эле сыртка чыгып кеткем. Бир маалда көрүүчүлөр кол чаап сыртка чыга баштаганда аябай толкундангам. Ошондо сыркоолоп жүргөн Сүймөнкул Чокморов мага келип мактоо сөздөрүн айтканда аябай кубандым, башкалар да жакшы пикирин билдиришти. Анан борбор калаадагы кинотеатрларда көргөзүлгөндө билеттер калбай калып жатты. Берлиндеги фестивалдан кийин дүйнөнүн 33 мамлекети тасманы сатып алган. Ошонун аркасы менен чет өлкөлөрдө жакшы таанылып, башка улуттагы сулуулар да кат жазып калышчу. Жыйынтыгында тартуу иштерине жумшалган бир миллион рублди актап, Москва "Кыргызфильмге" 27 миң доллар жиберген. Ага биздин студия бир топ техника алган.
Төлөмүш Океев болбогондо мен ушул даражага жетмек эмесмин. Ал үчүнчү курста билим алган мени башкы ролго, бешинчи курстун студенти Муратбек Бегалиевди композитор кылып чакырткан. Коркпой бизге окшогон жаш жигиттерди ишке тартып чоң тобокелчиликке барган экен. 
— Кийин Кожожаштын образы сизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келди болуш керек?
— Ооба. Кыргызстанда бир топ таанылып, азыркы кезге чейин мени "Кожожаш" деп чакырып жүрүшөт. Союз тарагандан соң "Кыргызфильм" таланып-тонолуп, техника сатылып, иштегенге шарт жок көчөдө калдык. Ошондо башка өлкөдөгү киночулар актер катары тасмаларына чакырып, Россия, Франция, Египет, Германия, Америкада иштеп, Казакстандагы режиссерлор менен узак убакыттан бери кызматташып жүрөбүз. 
© Sputnik / Александр ФедоровКожожаш менен Касен. Ролдордо Догдурбек Кыдыралиев жана Ашырбек Чокубаев
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кожожаш менен Касен. Ролдордо Догдурбек Кыдыралиев жана Ашырбек Чокубаев
— Сизди кыргыздарга караганда казактар жакшы баалагандай сезилет, чет жакта да кыргыз эмес, казак актеру катары таанылып калыптырсыз. Бул Казакстандын кинолорунда көп тартылгандын себеби болсо керек...
— Чындыгында эле ошондой болду. Өзүмдүн тиричилигимди жүргүзүп, үй-бүлөмдү бакканга "Казакфильм" көп жардам кылды. Жаштыгымдын басымдуу бөлүгү коңшу мамлекетте өттү, ал жакта 15тен ашык фильмге тартылып, беш-алты тасмада башкы ролду ойнодум. Пандемияга чейин эле "Казак эли" деген 20 сериялуу тасмага катышып келгем. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКыдыралиев: Көп мезгилден бери бир өкүнүчүм бар. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери бир дагы президент "Кыргызфильмге" басып келе элек, өлкө башчыларынын бири дагы ал жактагылардын абалын сурап койгон жок.
Заслуженный артист КР Догдурбек Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыдыралиев: Көп мезгилден бери бир өкүнүчүм бар. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери бир дагы президент "Кыргызфильмге" басып келе элек, өлкө башчыларынын бири дагы ал жактагылардын абалын сурап койгон жок.
— Менимче, сизде каскадерлук жөндөм дагы жок эмес. Чет элдик режиссерлор менен иштешкендеги эң көп гонорарыңыз...
— Казакстанда америкалыктар менен тартылган "Көчмөндөр" тасмасына катышып 20 миң доллар, "Кош бол, Гүлсары" фильминдеги башкы каарманга 10 миң доллар алгам. Кинодо көп кооптуу эпизоддорду өзүм аткарып келем. "Ак илбирстин тукумунда" сууга ат менен секиргенди гана Океев аткартпай койгон. Себеби суунун агымы катуу болчу, режиссер бир нерсе болуп кетсе кино токтоп калат деди окшойт. Ошондо дарыяга кесипкөй суучул секирген. Башка ролдорумда каскадерлордун жардамына деле муктаж болгон жокмун. Анткени мен айылда ат минип, мылтык атып, спорт менен машыгып чоңойгом да. 
© Sputnik / Александр ФедоровКыдыралиев: Төлөмүш Океев болбогондо мен ушул даражага жетмек эмесмин. Ал үчүнчү курста билим алган мени башкы ролго, бешинчи курстун студенти Муратбек Бегалиевди композитор кылып чакырткан. Коркпой бизге окшогон жаш жигиттерди ишке тартып чоң тобокелчиликке барган экен.
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыдыралиев: Төлөмүш Океев болбогондо мен ушул даражага жетмек эмесмин. Ал үчүнчү курста билим алган мени башкы ролго, бешинчи курстун студенти Муратбек Бегалиевди композитор кылып чакырткан. Коркпой бизге окшогон жаш жигиттерди ишке тартып чоң тобокелчиликке барган экен.
— Жогорку окуу жайынан алган кесибиңиз эмне болду, азыр деле сүрөт тартып жатасызбы?
— Өзүмдүн өнөрканамда сүрөт тартам. Бул кесип жакшы экен, эч кимге зыяны жок, жалгыз отуруп алып эле чыгармачылык менен алек болосуң. Буюрса күзүндө көргөзмө уюштурайын деп жатам.
— Ата мекендик кинематография жөнүндө сөз кылалы эми, эмнеге ичиңиз чыкпай келет?
— Чындыгында биздин балдар өтө таланттуу. Чет жакта кайсы тармакта болбосун, өз ордун таап кетишкен. Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов өңдүү канчалаган өнөрлүү адамдар чыккан. Коңшу республикалардан андай таланттуу актерлордун ордун басчулар жок. Көп мезгилден бери бир өкүнүчүм бар. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери бир дагы президент "Кыргызфильмге" басып келе элек, өлкө башчыларынын бири дагы ал жактагылардын абалын сурап койгон жок. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКыдыралиев: Союз тарагандан соң "Кыргызфильм" таланып-тонолуп, техника сатылып, иштегенге шарт жок көчөдө калдык. Ошондо башка өлкөдөгү киночулар актер катары тасмаларына чакырып, Россия, Франция, Египет, Германия, Америкада иштеп, Казакстандагы режиссерлор менен узак убакыттан бери кызматташып жүрөбүз.
Заслуженный артист КР Догдурбек Кыдыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кыдыралиев: Союз тарагандан соң "Кыргызфильм" таланып-тонолуп, техника сатылып, иштегенге шарт жок көчөдө калдык. Ошондо башка өлкөдөгү киночулар актер катары тасмаларына чакырып, Россия, Франция, Египет, Германия, Америкада иштеп, Казакстандагы режиссерлор менен узак убакыттан бери кызматташып жүрөбүз.
— Жеке жашооңузда өйдө-ылдый болгонун билебиз. Ошондой учурдан адам кантип өтүшү керек экен?
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2020
Дипломдук иши дүйнөнүн 100 мыкты тасмасына кирген. Режиссёр Океев жөнүндө 9 факты
— "Башка түшсө байтал жорго болот" деген кеп бар. Чыгармачылыкта жүргөндө сөз ээрчип, үйдө ызы-чуу болот. Биринчи аялым менен 90-жылдардын башында ажырашып кеттим. Өзүм бери жакта, балдарым ары жакты болуп калды. Адам үчүн ошондой учур абдан оор, жан дүйнөң жанчылып калат экен. Бир жылдай арак ичип кеттим. Кийин атам, агаларым акыл-наасат айтканда гана токтоттум. Биринчи никеден эки уулум, экинчи аялыман азыр бир уул, бир кыз бар. Алар чоңоюп ар кыл тамакта эмгектенип жатышат. Кудайга шүгүр, неберлер чоңоюуда.
Жаңылыктар түрмөгү
0