ӨКМ медиги: талаа-түздө эркектер менен жарышып иштөөгө туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант Наргиза Жеңишова
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант Наргиза Жеңишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2021
Жазылуу
Бир эле учурда ак халатты да, аскердик форманы да кийип, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жатканыма кубанам дейт Наргиза Жеңишова.
Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант наамы бар. Жеңишова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, аялдар үчүн анча оңой эмес иши тууралуу айтып берди.
— Алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?
— Мен 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөм. Кичинекей кезимен эле форма кийген жакчу. Мектепти аяктаганда Кыргыз медицина академиясынын дарылоо иши факультетине тапшырып, акыркы курстарда дерматовенерологияны окудум. Аны бүтүп жумуш издеп жүрсөм ӨКМде иштеген классташым орун бар экенин айтты. Сүйүнүү менен кабыл алдым. Дарыгерликти дагы, аскерлик кызматын да аткарып жатканыма кубанам.
© Sputnik / Табылды КадырбековБир эле учурда ак халатты да, аскердик форманы да кийип, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жатканыма кубанам дейт Наргиза Жеңишова.
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бир эле учурда ак халатты да, аскердик форманы да кийип, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жатканыма кубанам дейт Наргиза Жеңишова.
—Ата-энеңиз кандай кабыл алды?
—Үй-бүлөмдөн чыккан биринчи аскер адамымын. Жакындарым колдоп турат, эч кимиси каршы болгон жок. Иш боюнча узак убакытка кетип жатканда сарсанаа кылбай аларга жазып турам. Негизи биз өзгөчө кырдаалдар катталбаган учурларда деле үйдө болбой, аскер бөлүктө жашап иштейбиз. Убактылуу жашай турчу жайлар берилген.
— ӨКМдин аскерлери башка куткаруучулардан эмнеси менен айырмаланат?
— Биз чоңураак кырдаалдарда тартылабыз. Маселен, ири жаратылыш кырсыктары же узакка созулган издөө-куткаруу иштери болушу мүмкүн.
© Фото / из личного архива Наргизы ЖенишовойЖеңишова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант наамы бар.
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңишова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант наамы бар.
— Эсте калган чакыруу кайсы болду?
— Мындан эки жыл мурун өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси үй-бүлөсү менен Көкөмерен суусуна түшүп кетип, бир ай изделгенин билсеңиздер керек. Тилекке каршы, бирөө дагы тирүү табылган жок. Сөөктөрү биринин артынан бири чыгып жатты. Абдан өкүнүчтүү болду. Куткаруучулар күнү-түнү дебей издеп табуу аракетин көрүп жатты. Мен өздүк курамдын ден соолугуна кам көрүп жүрүп, анын баарына күбө болдум.
— Иш учурунда түрдүү нерселерди көрөт экенсиздер, стресстик абал менен кантип күрөшөсүз?
— Өзүм башынан эле эркек мүнөз элем, азыр жалаң эркектер менен иштеп, бул сапатым бекемделди десем болот. Ошол эле учурда позитивдүүмүн. Иш учурундагы кырдаалдарды өзүмө өтө жакын кабыл алып, кайгырып, көзгө жаш алуу деген жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңишова: Мен 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөм. Кичинекей кезимен эле форма кийген жакчу
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңишова: Мен 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөм. Кичинекей кезимен эле форма кийген жакчу
— Сиздер өздүк курамдын саламаттыгына көңүл бургандан тышкары кайсы бир окуяда жабыркаган адамдарга көмөк көрсөтөсүздөрбү?
— Албетте. Адатта ӨКМге чакыруу түшкөндө Тез жардам кызматы да кошо чакырылат. Алар кечигип жатканда биз жардам көрсөтө беребиз. Негизи ӨКМдин медигинен тышкары катардагы куткаруучусуна дагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үйрөтүлөт.
— Үй бетин көрбөй иштеген учурлар болот экен. Жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз.
— Күтүүсүз кырдаалдарга күнү-түнү даяр болуп турабыз. Кайсы убакта чакыруу түшпөсүн жөнөп кетиш керек. Мен жиберген жакка бара берем. Кээде бир жумалап, бир айлап талаа-түздө, болгондо дагы эркектер менен жүрүп каласың. Аны бардык эле эркек туура түшүнө бербесе керек. Үй-бүлө кура элекмин, бирок жеке жашоомо ишим катуу тоскоолдук кылып койгон деле учур боло элек.
© Фото / из личного архива Наргизы ЖенишовойЖеңишова: өзүм башынан эле эркек мүнөз элем, азыр жалаң эркектер менен иштеп, бул сапатым бекемделди десем болот
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңишова: өзүм башынан эле эркек мүнөз элем, азыр жалаң эркектер менен иштеп, бул сапатым бекемделди десем болот
— Турмушка чыга элек болсоң деле талаа-түздө иштеген кыйын болсо керек?
— Эми кыздар чачы-башын бат-баттан жууп турат эмеспи, талаада болсо душ жок. Кароолго бирөөнү тургузуп коюп, айылдагыдай чакага суу ысытып жуунмай. Калган учурларда ыңгайсыздык деле жок, жумуш деген жумуш да.
Кесиптеш жигиттер аяр мамиле жасап, "тамак ичтиңби, үшүгөн жоксуңбу" деп камкордук көрсөтүп турушат. Алар менен өзүмдү коопсуз сезем. Мен дагы алардын ден соолугуна кам көрүп, талаада жүргөндө тамак-ашын берип турам. Бири-бирибиз менен бир туугандай болуп калганбыз.
— Өзгөчө кырдаалдар катталбаган учурда иш күн кандай өтөт?
— Аскер бөлүктө фельдшер кыздар менен жоокерлердин ден соолугуна кароо жүргүзөбүз, коронавируска байланыштуу дене табын маалы менен өлчөйбүз. Алардын тамагынын сапатын текшерип турабыз. Ошондой эле издеп-куткаруу боюнча сабактар өткөрүлүп турат, спорт менен машыгабыз.
Негизи жумуш 8ден 6га чейин, анан суткалык нөөмөттөр бар. Ошондой эле күтүүсүз кырдаалдарга даяр болуп, дайым аскердик форма менен жүрөбүз. Чакырууга жараша Чүйдүн аймагынан башка облустарга деле бара беребиз.
© Фото / из личного архива Наргизы ЖенишовойЖеңишова: күтүүсүз кырдаалдарга күнү-түнү даяр болуп турабыз. Кайсы убакта чакыруу түшпөсүн жөнөп кетиш керек
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңишова: күтүүсүз кырдаалдарга күнү-түнү даяр болуп турабыз. Кайсы убакта чакыруу түшпөсүн жөнөп кетиш керек
— Коронавирус пандемиясы маалындагы ишиңиз тууралуу айтып бересизби.
— Коронавирус убагында өздүк курам Москва районунун аймагында дезинфекция иштерин жүргүзүп, гуманитардык жардамдарды таратып жатты, биз медик катары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп аттык. Кудайга шүгүр, өзүбүз дагы оорудан коргонуунун бардык эрежелерин аткарганыбыз үчүн өздүк курамда илдет жуктургандар көп болгон жок.
Пандемия учурунда мен дагы башка медиктердей элге жардам берүү үчүн кызыл зонада болгум келди. Ошол убакта биздин курамды тажрыйба алмашуу иретинде Гансиге жиберип, мен дагы кызматымды өтөп келдим.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңишова: үй-бүлө кура элекмин, бирок жеке жашоомо ишим катуу тоскоолдук кылып койгон деле учур боло элек
Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части в селе Садовое Наргиза Женишова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жеңишова: үй-бүлө кура элекмин, бирок жеке жашоомо ишим катуу тоскоолдук кылып койгон деле учур боло элек
— Келечекке болгон кандай кыялдарыңыз бар?
— ӨКМ дарыгерлериндеги эң жогорку аскердик полковник наамына жетсем дейм. Эң негизгиси Кыргызстандын патриот айымдарынан болгум келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0