00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:07
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эми башка Жамал жаралбайт. Элдин Сейдакматова менен коштошкон видеосу

Жазылуу
16-февралда кыргыз коомчулугу атактуу актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуп, акыркы жайына узатты.
Таланттуу искусство чебери Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Ага бийлик өкүлдөрү, коомчулук, артисттин чыгармачылыгын урматтаган көрөрмандары келди.
Тажия учурунда Жамал Сейдакматованын чыгармачылык жолу туурасында кенен эскеришип, анын кыргыздын театр жана кино өнөрүнө сиңирген эмгегин белгилешти.
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу, Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев кыргыз коому Сейдакматова менен бирге кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жаткандыгын айтты.
"Жамал эже — кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун акыркы могикандарынын бири. Биз бүгүн Жамал эжени узатып жатып, аны менен кошо өзгөчө бир доорду, мезгилди, кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жатабыз", — деди Раев.
Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев анын кыргыз маданиятындагы ордун белгиледи.
Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узаткан сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Акыркы могикандардын бири эле... Сейдакматованы акыркы сапарга узаткан сүрөттөр
"Жамал өзүнүн жашоосунда демилгелүү, изденген мыкты актриса болчу. Бирок арабыздан кетти... Жамалдай таланттуу кыздар, таланттуу уулдар кыргыз энелери аман турганда дагы жаралат. Бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат", — деди Жакиев.
Sputnik кабарчысы бейит башында Жамал Сейдакматованын небереси Амир Шалтаевди кепке тартып, улуу актриса акыркы ирет эмнелер туурасында кеп кылгандыгын сурады.
"Силерди аябай жакшы көрөм, дайыма туура жолдо жүргүлө" деп насааттарын айтып жүрчү", — деди небереси.
Амир Шалтаев чоң энеси анын колунан узагандыгын айтып берди.
"Уктап жаткан кезинде эле тынч узап кетти. Беш-алты жолу чакырган, барып бирдемелерин оңдоп берип, мен да уйкуга кирип баратканда деми чыкпай калганын сездим. Барып тамырын кармасам какпай калыптыр. Ошондо түшүндүм...", – деди ал.
Таланттуу актриса 82ге чыкканы менен өмүрүнүн акыркы жылдары өзүнүн "Тунгуч" театрын иштетип, жаш муундарды актердук кесиптин чеберчилигине тарбиялоону аркалап келе жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0