00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как стать международником: всё о поступлении на топ-факультет КРСУ
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Министрликтер кызматкерлердин 10 %ын сынаксыз кабыл ала алышат. Мамлекеттик кызматка алуунун тартиби
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госуслуги в один клик: что ещё добавят в приложение «Тундук»
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын инфекциялары эмнеге жайкы аптапта күчөйт? – Дарыгер менен маек
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Дорожный апгрейд Бишкека: что меняется и когда закончится
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкектеги эң улгайган дарак 140 жашта — бак-дарак эмнеге кыйылып жатат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От рабов к вассалам: почему феодализм вытеснил рабовладение? Беседа о социуме
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
32 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
15:33
54 мин
Личный интерес
Диагноз — не приговор: как лечат рак в Кыргызстане сегодня
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Эне менен баланын коопсуздугу — төрөткө кантип даярдануу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акыркы могикандардын бири эле... Сейдакматованы акыркы сапарга узаткан сүрөттөр

Жазылуу
Кыргыз маданият өнөрүнүн дүйнө салган дагы бир корифейи, кыргыз кино жана театрынын жылдыздарынын бири Жамал Сейдакматова 82 жашында дүйнө салып, бүгүн акыркы сапарга узатылды.

Кыргыз коомчулугу сүйүктүү актрисасы менен Бишкек шаарында Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында коштошту.

Бул инсанды эскерип көп сөздөр айтылды, талантына дагы бир ирет таазим этишти.

"Кыргыз театрларынын арасынын биринчи жолу спектаклибиз менен Лондонго бардык. Ошондо Жамал Сейдакматова "Илек-илек" спектаклинде ойногондо британиялык театр ишмерлери биринчи эженин жашын сурады. Биз "эже 80ге таяп калды" десек, залдагылар туруп алып кол чапкан. Жамал эже кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун эң акыркы могикандарынын бири. Биз бүгүн Жамал эжени акыркы сапарга жөнөтүп жатып аны менен кошо өзгөчө бир доорду, мезгилди, кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жатабыз", — деп эскерди драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев.

Ал эми коомдук ишмер Садык Шер-Нияз бул улуу инсан кыргызга бакыт арнады деген сөздөрүн айтты.

Кыргызстан прощается с великой актрисой Жамал Сейдакматовой — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Кыргызстандыктар Жамал Сейдакматова менен коштошууда. Видео
"Жамал эже байлыкка азгырылган жок. Ал кыргызга бакыт арнады. Ошол үчүн Жамал эженин жолу бийик, жолу улук. Жамал эже артынан канчалаган шакирттерин даярдады. Мына ушул жерде да Жамал эженин жүздөгөн шакирттери турасыңар. Кыйналып маданияттан кечип кетейин дегенде эжени, анын жолун эстегиле, силерге үлгү болсун", — деди Садык Шер-Нияз.

Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү - Sputnik Кыргызстан
1/10
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу актриса менен коштошуу зыйнатында драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев: "Кыргыз элинде Жамалдай талантуу уул-кыздар жаралат, бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат", - деген баасын берди
Улуу актриса менен коштошуу зыйнатында драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев: Кыргыз элинде Жамалдай талантуу уул-кыздар жаралат, бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат, - деген баасын берди - Sputnik Кыргызстан
2/10
Улуу актриса менен коштошуу зыйнатында драматург, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев: "Кыргыз элинде Жамалдай талантуу уул-кыздар жаралат, бирок Жамал Сейдакматова бирөө бойдон калат", - деген баасын берди
© Sputnik / Табылды КадырбековКР эл артисти Жамал Сейдакматова кыргыз кино жана театр өнөрүнүн мыкты өкүлдөрүнүн бири эле. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу менчик театр ачкан. 2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясына ээ болгон.
КР эл артисти Жамал Сейдакматова кыргыз кино жана театр өнөрүнүн мыкты өкүлдөрүнүн бири эле. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу менчик театр ачкан. 2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы номинациясына ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/10
КР эл артисти Жамал Сейдакматова кыргыз кино жана театр өнөрүнүн мыкты өкүлдөрүнүн бири эле. Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу менчик театр ачкан. 2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясына ээ болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жашында дүйнө салды
Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жашында дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
4/10
Жамал Сейдакматова 2021-жылдын 16-февралында 82 жашында дүйнө салды
© Sputnik / Табылды КадырбековЖамал Сейдакматованын каза болушу жакын туугандары үчүн эле эмес, кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болду. Сүрөттө актрисанын кызы Ажар (оңдо ) жана келини Асел (солдо) апасын акыркы сапарга узаттуу учурунда.
Жамал Сейдакматованын каза болушу жакын туугандары үчүн эле эмес, кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болду. Сүрөттө актрисанын кызы Ажар (оңдо ) жана келини Асел (солдо) апасын акыркы сапарга узаттуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
5/10
Жамал Сейдакматованын каза болушу жакын туугандары үчүн эле эмес, кыргыз маданияты үчүн чоң жоготуу болду. Сүрөттө актрисанын кызы Ажар (оңдо ) жана келини Асел (солдо) апасын акыркы сапарга узаттуу учурунда.
© Sputnik / Табылды КадырбековДраматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун акыркы могикандарынын бири экендигин белгиледи. Сейдакматова менен кошо өзгөчө бир доору, кыргыз маданиятынын тарыхы узап жаткандыгын айтты.
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун акыркы могикандарынын бири экендигин белгиледи. Сейдакматова менен кошо өзгөчө бир доору, кыргыз маданиятынын тарыхы узап жаткандыгын айтты. - Sputnik Кыргызстан
6/10
Драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук театр өнөрүнүн туу чокусунун акыркы могикандарынын бири экендигин белгиледи. Сейдакматова менен кошо өзгөчө бир доору, кыргыз маданиятынын тарыхы узап жаткандыгын айтты.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖамал Сейдакматова Кыргыз драма театрында бир топ жыл, кийин "Тунгуч" театрында иштеп сахнанын көркүн чыгарган. Бир канча кыргыз жана казак кинолоруна тартылып миллиондогон көрөрмандарын тапкан.
Жамал Сейдакматова Кыргыз драма театрында бир топ жыл, кийин Тунгуч театрында иштеп сахнанын көркүн чыгарган. Бир канча кыргыз жана казак кинолоруна тартылып миллиондогон көрөрмандарын тапкан. - Sputnik Кыргызстан
7/10
Жамал Сейдакматова Кыргыз драма театрында бир топ жыл, кийин "Тунгуч" театрында иштеп сахнанын көркүн чыгарган. Бир канча кыргыз жана казак кинолоруна тартылып миллиондогон көрөрмандарын тапкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу ирмеминен. Ал "миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып кетсейм дейм" деген маектеринин биринде.
Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу ирмеминен. Ал миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып кетсейм дейм деген маектеринин биринде. - Sputnik Кыргызстан
8/10
Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу ирмеминен. Ал "миң жыл, жүз жыл жашабайм да. Артыма жакшы из калтырып кетсейм дейм" деген маектеринин биринде.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жамал эже сымбат десе сымбат, акыл десе акыл, талант десе таланты бар киши эле. Бирок ал көр дүйнөнүн, кызыл дилде дүйнөнүн артынан азгырылбай кызматын кыргыз элине арнады", — деп эскерүү сөзүн айтты коомдук ишмер Садык Шер-Нияз
Жамал эже сымбат десе сымбат, акыл десе акыл, талант десе таланты бар киши эле. Бирок ал көр дүйнөнүн, кызыл дилде дүйнөнүн артынан азгырылбай кызматын кыргыз элине арнады, — деп эскерүү сөзүн айтты коомдук ишмер Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
9/10
"Жамал эже сымбат десе сымбат, акыл десе акыл, талант десе таланты бар киши эле. Бирок ал көр дүйнөнүн, кызыл дилде дүйнөнүн артынан азгырылбай кызматын кыргыз элине арнады", — деп эскерүү сөзүн айтты коомдук ишмер Садык Шер-Нияз
© Sputnik / Табылды КадырбековЖамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.
Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду. - Sputnik Кыргызстан
10/10
Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.
Жаңылыктар түрмөгү
0