00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Европа Россия менен алакасын туңгуюкка кептеди. Андан өзү жабыр тартууда

© Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер минитри Сергей Лавров Евродипломатия башчысы Жозеп Боррел менен жолугушуу учрунда
Россиянын тышкы иштер минитри Сергей Лавров Евродипломатия башчысы Жозеп Боррел менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Европарламент бул аптада Россияга каршы жаңы санкцияларды талкуулоого киришти. Маселе 22-февралда Европа биримдигинин Тышкы иштер боюнча кеңешинин жыйынында да каралмакчы.
Бир топ жылдан бери чектөөлөр алгач жолу адатка айланган санкциялардан катаалыраак болуп калышы күтүлүүдө, анткен менен алардын майнаптуулугу төмөн экени тастыкталган.
Россия менен Европа союзунун мамилеси тарыхтагы эң оор каатчылыкты баштан кечирүүдө. Кырдаал 2010-жылдардын ортосундагыдан да кейиштүү экени белгиленип жатат.
Өткөн аптада Евродипломатия башчысы Жозеп Боррелдин Москвага жасаган сапары Батышта эң ийгиликсиз деп бааланды. Европалык маалымат каражаттары анын Сергей Лавровдун жанында чабал көрүнгөнүн айтып түгөтө албай жатышат. Ошондой эле европалык журналисттер россиялык жетекчилик Европаны жана анын өкүлүн кемсинтүү үчүн баарын жасаганын айтышууда.
Москва чындап эле кадимки жүрүш-туруш үлгүсүнөн четтеп, буга чейин Батыштагы өнөктөштөрдүн ролун колго алды.
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Юань менен евро долларды кысмакка алууда. АКШ санкциянын азабын тартабы
2014-жылы тараптардын ортосундагы конфронтация ушундай эле схемада түзүлгөн: Батыш Россияны оор айыптарга жыгып, ал эми Москва токтоолук менен андай чабуулдардан коргонуп турган. Кийин кезектеги санкциялар киргизилген. Тирештин тизгини АКШ жана ЕБде эле, аны каалаган учурда Россияга каршы колдонгон. Албетте, абалды Москванын чабалдыгы катары кабыл алган саясий күчтөр жетиштүү эле. Бул жолу баары адатка айланган сценарий боюнча башталган: Европа россиялык блогердин ууланышы тууралуу кызык окуяны чыгарган. Россия ал окуяга катуу реакция кылгандыктан, сценарий жаңыча да кетери болжонгон.
Боррелдин Москвадагы "ийгиликсиздиги" – кожоюндардын кескин риторикасынан тышкары, Россиядан үч европалык дипломаттын кетирилиши тууралуу кабарды да алганы. Бул чак түштө түшкөн чагылгандай эле күтүүсүз болду.
"Натуура режимдерди" Батыш тарабынан санкциялар аркылуу "тарбияланышынын" башкы темасы, сансыз насаат окумай жана башка ыкмалар, анын ичинде гуманитардык бомбалоолор жөнөкөй постулатта мындайча камтылат: биз өнүккөнбүз, бакубат жана ийгиликтүүбүз, андыктан башкаларга акыл үйрөтө алабыз. Анткени бизде демократия, адам укугу жана сөз эркиндиги бар. Мындай ой эл аралык кызматташуунун өзгөчөлүктөрүнө да таасир этери анык, Европа менен АКШ дээрлик дайым өздөрүнө пайдалуу жагдайда болуп, контрагенттерди кысымга алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келген. Ушул жолу гана Европа "казган оруна өзү түшкөндөй" кызык абалда калып отурат.
Газ түтүгүн куруучу кеме. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.01.2021
"Түндүк агым-2" Германия менен АКШ алакасынын тагдырын чечет
Россиядан Европа биримдигине эки нерсе өзгөчө зарыл экени ааламга анык, атап айтсак, "Түндүк агым — 2" жана "Спутник V". Бул эки долбоор тең Россия үчүн өтө маанилүү эмес, газды жөнөтөр багыт табылат, "Спутник V" вакцинасын алууну каалагандар да четтен чыгат.
Натыйжада Брюссель европалык бөлөк баш калаалар (албетте, Берлин) менен бирге буга баш катырууга аргасыз. Бир жагынан баштаганын аягына чыгарууга, анан да НАТО боюнча өнөктөштөрү да кысымга алып тургандыктан Россиядагы ички абалга бүлгүн салуу кампаниясын улантуусу зарыл.
Экинчи жагынан, Москванын азыркы демарштарынан соң жүзүн сактап калууга тийиш, демек, орустарга катуу тийчү чараларды көрүшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, газ түтүгүнүн курулушун жана "Спутник V" боюнча кызматташтыкты үзгүлтүккө учуратпоого кам көрүшү кажет. АКШнын көлөкөсү жана жетегинен чарчаган Европанын геосаясий оюнду өз алдынча ойноо далалатын түшүнүүгө да болот. Бирок андайга даяр эмес болуп чыкты, эми өз келечеги кылдын учунда.
Жаңылыктар түрмөгү
0