UFC 257 Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши - Sputnik Кыргызстан

UFC 257: Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин беттеши. Учурда эмне болуп жатат?

Жазылуу
UFC уюмунун мурдагы чемпиондору Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин ортосундагы кармаш Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өтөт.
Бул эки мушкердин экинчи беттеши болуп саналат. Атлеттер буга чейин 2014-жылы эң жеңил салмакта кезигип, Макгрегор 90 секундада техникалык нокаут менен уткан.
Мушкердин кайсынысы таймашта өзгөчөлүк көрсөтсө, бул дивизиондун чемпиону Хабиб Нурмагомедов аларга чыгары мүмкүн экенин айткандан кийин аталган беттештин куну өстү.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:13 24.01.2021

Ошентип, бул сапаркы беттеш UFC тарыхында маанилүү болуп, Дастин Порьенин Конор Макрегорду жеңгени менен бүттү. Sputnik Кыргызстан да тексттик алып берүүсүн соңуна чыгарды. 

11:47 24.01.2021

Жеңген Порье чыдамкайлыкка басым жасаганын айтты. "Оюнду мүмкүн болсо узаккка созуп, Конорду чарчатканга аракет кылган планым ишке ашты", - деди ал. 

11:45 24.01.2021

Порье жеңиши боюнча комментарий берип, "утканына көп деле кубанбаганын, анткени буга толук даяр болгонун" айтты.

11:44 24.01.2021

Конор Дастинге кайрылып, "жакшы кармашты, биз эми дагы беттешке чыгабыз", - деди.

11:43 24.01.2021
11:42 24.01.2021
11:39 24.01.2021
11:39 24.01.2021
11:38 24.01.2021
11:37 24.01.2021
11:36 24.01.2021
11:34 24.01.2021

 Дастин Порье ирландиялык мушкер Конорду торго камап алып, бетке чаап, ички тизе менен тээп чабуул коюп жатат.

 Мушкерлер мушташтын арасында бири бирине сүйлөп да жатканын байкоого болот. 

11:32 24.01.2021
11:32 24.01.2021
11:31 24.01.2021

Гонг берилип бетте башталды Биринчи чабуулду Конор Макгрегор баштап Дастин Порьенин бетине тийгизди.

11:28 24.01.2021

Беттештин комментатору мушкерлерди тааныштырып жатат. Белгилей кетсек, аталган мелдешке пандемиядан бери биринчи ирет көрүүчүлөр киргизилди.

11:27 24.01.2021
11:25 24.01.2021

Жоон топ командасынын коштоосу менен Дастин Порье октагонго чыгып келе жатат. Ал UFC уюмунун утурумдук чемпиону болгон. Акыркы сегиз беттешинде бир гана жолу жеңилген. Аны россиялык Хабиб Нурмагомедовду уткан.

11:24 24.01.2021

Алып баруучулар Конор Макгрегордун кара күч жагынан мыктылыгын айтып жатышат.

11:21 24.01.2021

Конор Макгрегор Ирландиянын желегин жамынып алып октагонго чыкты

11:16 24.01.2021
11:08 24.01.2021

Чендлер Хукерди сол колу менен ээк тушка бир чаап кулата койду. Чендлер жерге жаткан  атаандашын  бир топ сабап жибергенде калыс беттешти токтотту.

11:05 24.01.2021

Кымбат баалуу автоунаа жана жайнаган жан сакчылар. Конор Макгрегор кармашка ушундай болуп келди. Анын жанында жубайы жүргөнүн көрүүгө болот.

 

11:02 24.01.2021

Октагонго Дэн Хуекр менен Майкл Ченлер чыгып жатат. Бул бүгүнкү мелдештеги экинчи башкы беттеш.

10:51 24.01.2021
10:49 24.01.2021

Шотландиялык Калдервуд   Айды жеңип алды

10:35 24.01.2021

Буга чейин негизги карддын алкагында эң жеңил салмактагы бразилиялык мушкер кыздар Марина Родригез менен Аманда Рибас октагондо кармашкан.
Марина Родригез ээк тушка урган кубаттуу соккусу менен атаандашын сулата чапты. Рибас кайра туруп каршылык көрсөтүүгө аракет кылганда анын баш тушунуна дагы кошумча соккулар тийгенде калыс беттешти экинчи раундда мөөнөтүнөн мурда токтотту

10:28 24.01.2021
10:25 24.01.2021

Октагонго кыз-келиндер дивизионунун эң жеңил салмак даражасындагы спортчулар Жессика Ай менен Жоан Калдервуд чыгып жатышат.

10:24 24.01.2021
10:21 24.01.2021

Орто салмакта өзбекстандык мушкер Махмуд Мурадов атаандашы Эндрю Санчести техникалык нокаут менен утуп алды

Жаңылыктар түрмөгү
0