Апамды таарынтып албайын. Хабиб карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүUFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурмагомедов ММА спортундагы карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. 2020-жылдын октябрында Жастин Гэтжини уткан соң спорттон кетерин айткан.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын улантууга үндөгөндөргө жооп кайтарды. Мушкердин пикирин Р-Спорт жазды.
Россиялык атлет октябрь айында америкалык Жастин Гэтжини уткандан кийин спорттон кетерин жар салган. Мындай чечимди ал апасынын өтүнүчүнөн соң кабыл алганын айткан.
"Атам каза болгондон кийин менин бул жарыктыктагы эң башкы байлыгым — апам калды. Аны таарынтып, бушайманга салып, капа кылып ала турган жорукка барууга мени түртпөгүлө", — деген ал.
Спортчу өзүнүн октагонго кайра чыгар-чыкпасы ар дайым талкууланып келгенин белгилейт.
Макгрегордун Нурмагомедов менен кармашканга чейинки жана андан кийинки видеосу - Sputnik Кыргызстан
Макгрегордун Нурмагомедов менен кармашканга чейинки жана андан кийинки видеосу
"Акыркы жылдары кандай окуялар болуп кетти... Дагы эмне болуп кетерин билбейбиз. Эртеңки күндүн кандай болорун да эч ким билбейт. UFC боюнча пландарым жок. Умардын (Нурмагомедов) беттешке даярданып жатканын көрүп: "Менин мындай кыйынчылык күндөрүм артта калды" деп ойлонуп коём. Бүгүнкүдөй бактылуу күндө жашоого мага мүмкүнчүлүк бергилечи. Мындай бийиктикке жетүү үчүн мен канчалаган азаптарды баштан кечирдим", — деди ал.
Хабиб Нурмагомедов 24-январда Абу-Дабиде мелдешке чыгып жатышкан Конор Макгрегор менен Дастин Порье, Дэн Хукер менен Майк Чендлер уюмдун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтсө, анда ал октагонго кайтарын айтканын ЖМКлар жазган.
Нурмагомедов ММА спортундагы карьерасында 29 ирет беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0