Таластык Куценко, токмоктук Бивол. Кыргызстанда төрөлүп чет жакта атагы чыккандар

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда төрөлгөн Денис Логунов COVID-19га каршы дүйнөдө биринчи түзүлгөн россиялык вакциналардын бири "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү экени белгилүү болду.
Sputnik агенттиги Кыргызстанда туулуп, кийин чет мамлекеттерге көчүп кетип, азыр аты таанылган адамдарды тизмектеди.

Денис Логунов

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКыргызстанда төрөлгөн Денис Логунов (солдо) COVID-19га "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү экени белгилүү болду
Российские медики разработали вакцину против лихорадки Эбола - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөлгөн Денис Логунов (солдо) COVID-19га "Спутник V" препаратынын түзүүчүсү экени белгилүү болду
Жергиликтүү ЖМКлардын көбү коронавирустан коргогон дүйнөдөгү алгачкы "Спутник V" вакцинасынын түзүүчүсү Денис Логунов Кыргызстанда туулганын жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Логунов 1978-жылы 13-октябрда Фрунзе шаарында туулган. 43 жашында Россиянын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болууга жетишкен. Учурда ал Гамалея атындагы илимий борбордо директордун орун басары, клеткалык микробиология лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.

Виталий Кличко

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүБелгилүү украин спортчусу Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган
Мэра Киева В. Кличко вызвали на допрос в ГБР - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү украин спортчусу Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган
Белгилүү украин спортчусу да биздин жердеш. Ал Чүйдүн Беловодское айылында 1971-жылы 19-июлда туулган. Профессионалдык бокс боюнча WBO версиясында дүйнө чемпиону болгон. Азыр саясат менен алектенип, Киев шаарын башкарып келет.

Светлана Назаренко

"Город 312" тобун кимдер гана билбейт. Аталышы да жөн жерден эмес, 312 — Бишкектин эл аралык телефондук коду. Топтун башкы солисти Светлана Назаренко 1970-жылы 17-октябрда Бишкекте туулган. Москвада жашаган ырчы мекениндеги концерттик иш-чараларга келип турат.

Эже-сиңди Шевченколор

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоUFC чемпиону жана мушкери Валентина менен Антонина Шечвенчолор мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат
Чемпионка мира по смешанным единоборствам по версии UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
UFC чемпиону жана мушкери Валентина менен Антонина Шечвенчолор мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат
Аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко менен ушул лиганын спортчусу, эжеси Антонина Шевченко да Бишкекте төрөлгөнүн билебиз. Учурда АКШда турушат. Алар мелдештерде Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыгышат.

Жаннат Керимбаев

"Кухня", "Отель Элеон" сериалдарынын сценаристи Жаннат Керимбаев айтылуу Асанкалый Керимбаевдин уулу. Башында КВНге аралашып жүрүп, кийин азыркы "Азия Микс" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров жана дагы бир КВНчи Василий Куценко үчөө Россиянын телеканалдарында эмгектенишкен. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүн даярдап, "Кухня" сериалынын сценарийин жазып жүрүп, кыргызстандык Айнуранын образынын пайда болушуна себепкер болгон.

Илзат Ахметов

Илзат Ахметов Бишкекте төрөлүп, "Алга" футбол командасында тарбияланган. Учурда москвалык ЦСКА командасы менен келишим түзүп, Россиянын футбол боюнча курамасына кошулган.
Ахметов Россиянын улуттук "Биринчи бештик" сыйлыгынын лауреаты жана УЕФАнын рейтинги боюнча келечеги кең 50 оюнчунун тобуна кирет.

Михаил Швыдкой

Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, медиаменеджер, коомдук жана маданий ишмер Михаил Швыдкой Кант шаарында төрөлгөн. Ал иш сапары менен Кыргызстанга келип турат.

Татьяна Колпакова

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып берген
Олимпийская чемпиона по прыжкам в длину Татьяна Колпакова - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып берген
Аламүдүндүк Татьяна Колпакова Москва Олимпиадасында Кыргызстанга алтын алып келип берген. Ал 90-жылдары Бишкекте машыктыруучу болуп иштеген. Бир топ жылдан бери Колпакова Россияда турат, бирок туулган жерин, Кыргызстанды эстен чыгарбайт. Былтыр Бишкекке келгенинде өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков менен кезиккен.

Геннадий Онищенко

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко Оштун Чаңгыр-Таш айылынан болот
Пленарное заседание Госдумы РФ  - Sputnik Кыргызстан
Роспотребнадзордун мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко Оштун Чаңгыр-Таш айылынан болот
Россиянын Илимдер академиясынын академиги, Мамдуманын депутаты, Роспотребнадзордун (Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубатчылыгы боюнча федералдык кызмат) мурдагы жетекчиси Геннадий Онищенко да жердешибиз экенин билгендер аз чыгар. Ал 1950-жылы 21-октябрда Ош облусунун Чаңгыр-Таш айылында туулган.

Талант Дүйшөбаев

© AFP / JAVIER SORIANOИспаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү
Тренер сборной Польши по гандболу Талант Дуйшебаев - Sputnik Кыргызстан
Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү
Испаниянын гандбол боюнча кесипкөй машыктыруучусу, олимпиада чемпиону Талант Дүйшөбаев да фрунзелик экенин эстей жүрөлү. Ал 2000-жылы эл аралык федерациянын версиясы боюнча ХХ кылымдагы эң мыкты гандбол оюнчуларынын бири деп таанылган.

Юлия Ахмедова

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ахмедова Юлия (@yakhmedova)

Сатиралык жанрдагы россиялык актриса, КВН командасынын продюсери, Stand Up шоусунун мурдагы катышуучусу Юлия Ахмедова Бишкектин четинде жайгашкан Кант шаарынан. Маектеринде да балалыгы Кыргызстанда өткөнүн айтканды унутпайт.

Андрей Курнявка

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Курнявка Андрей Петрович (@kurnyavka_a_p)

Бокс боюнча Евпопанын, дүйнөнүн чемпиону, СССРдин спорт чебери Андрей Курнявка да фрунзелик. Кийин Россиянын жарандыгын алган. Ал рингде 350 беттеш өткөрүп, анын 150сүн нокаут менен жеңген.

Салижан Шарипов

Кыргызстан менен Россиянын баатыры наамын алган Салижан Шариповду укканда дароо көзүбүзгө космонавт элестейт. Кыргыздын алгачкы космонавты Ош облусунун Өзгөн районунда 1964-жылы 24-августта төрөлгөн.

Дмитрий Бивол

Профессионалдык бокстун WBA версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону, Россиядагы жана Америкадагы беделдүү турнирлердин жеңүүчүсү Дмитрий Бивол Токмоктон болот. 2017-жылы Биволду ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган.

Азиз Бейшеналиев

Айтылуу актер Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз атасынын жолун жолдогон. Анын аты Кыргызстанда, Өзбекстанда, Россияда жана Казакстанда өзгөчө таанымал. Анткен менен ушул тапта Россиянын кино тармагында өз ордун таап, "Лектор", "Дом на Озерной", "Дворик", "Судьба на выбор", "Снайперы: Любовь под прицелом" сыяктуу тасмаларга тартылган. Актер 2015-жылы өзүн режиссер катары сынап көрүү максатында Москвадан Алматы шаарына көчүп кеткен.

Юрий Мельниченко

Жалал-Абад шаарында туулган Юрий Мельниченконун ысымы 1990-жылы эл аралык аренада "дүңк" эле дей түшкөн. Ал жаштар арасына дүйнө чемпиону аталып, Венгрияда, Израилде, Францияда өткөн эл аралык мелдештерде байге алып келген. Бирок өлкөдө ага колдоо жок болгондуктан Казакстандын туусун көтөрүп, олимпиада оюндарынан алтын алып берген.

Василий Куценко

Россиянын КВН оюнчусу, "Кухня" аттуу белгилүү сериалдын авторлорунун бири, көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору Василий Куценко таластык жигиттердин бири.
Вручение награды кыргызстанцу Эдуарду Кубатову президентом Беларуси Александром Лукашенко - Sputnik Кыргызстан
Лукашенко Эверестти багындырган Эдуард Кубатовго сыйлык тапшырды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0