Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Залкар акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн 43 жаштын чайын ичип отурмак... Жылдызын учурган кыргыз өзүн анын ырлары, чыгармалары менен сооротуп жүргөн кези.
Улуу таланттын жубайы Нурзат Абдырашитованын айтымында, акын күндөлүк жазчу. Туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттын келинчеги менен акылдашып, анын күндөлүктө калтырган айрым ойлорун алып чыкты.
Күндөлүктө жазылган акындын жеке өзүнө таандык нерселер алынган жок. Тек гана залкардын терең ойлору, улууларды эскерген күндөрү тууралуу жазылган үзүндүлөр берилди.
Супруга акына Элмирбека Иманалиева Нурзат Абдырашитова - Sputnik Кыргызстан
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
Өмүрдүн эң маанилүү ирмемдери — өзүңө туура жана чыныгы баа берген учурлар. Жакшыбы же жаманбы, туурабы же жаңылышпы, биз жашап өткөн же жашап жаткан учурлар — ал биздин өмүр, биздин гана тагдыр. Ошол өмүр, тагдырыбызда бизде саналуу кымбат адамдарыбыз бар. Ал адамдарды ойлонуу дагы жакшы, угуу дагы жакшы жана да аларга ар тараптуу жардам берүү дагы жакшы. Алардан ар тараптуу жардам алуу дагы жакшы. Мындайча айтканда, алар менен бир бүтүн организмге айланасың. Ошол организмдин таза, мыкты, жакшы болушу биздин өмүрдүн негизин түзөт. Демек, организмдеги ашыкча, кесепеттүү, зыяндуу нерседен убагынан кечикпей арылуу, ошондой эле пайдалуу, зарыл нерселерди өрчүтүп, өстүрүп отуруу өзүбүздүн да пайдалуу бөлүкчөгө айланышыбызды шарттайт. Ал үчүн дайыма жакшы сөздөрүбүз, жакшы каалоо-тилектерибиз, мыкты тажрыйбабыз менен дамамат бөлүшүп туруу зарыл деп түшүнөм.
Бир нерсени унутпашыбыз керек. Биз бактылуу болууга дайыма татыктуубуз! Биздин Кыргызстанда бактылуу адамдар жашашы керек. Биз ошол бактылуу коомдун мүчөсү экенибизди эстегим келди.
08.26.2018 
***
Көп окуялар болуп өттү. Өз турмушумда да, коомдо да... Айтматов атабыздан айрылдык. Жоктодум...
...Ошол күнү чарчап келип уктадым. Түн бою ыйлап буркурап, манас айтып чыктым. Баягыдай уйку-соонун ортосунда.
Эч нерсе жаза албай жатам. Айрыкча күндөлүк жаза албай жатам. Эмнеге экенин билбейм.
Убакыт: 20:39. 17.06.08 
© Фото / Нурзат АбдырашитоваАкындын иш бөлмөсү. Комуздары, чапаны жана Кыргызстандын желеги
Рабочий кабинет акына-импровизатора Элмирбека Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Акындын иш бөлмөсү. Комуздары, чапаны жана Кыргызстандын желеги
***
Бүгүн 24-январь, саат 15:17
Эрулан жаңы комуз алды. Бата бердим. Азыр чертип отурат алынча. Кызыкчылыгы күндө артып бараткандай. Буга чейин менин комуздарымды кыңкылдатчу ))).
Мындан ары өзүнүн жеке комузу бар. Ата-бабанын, арбактардын улуу касиетин ушул комузу аркылуу сиңирсе экен уулума! Менден 3 (үч) жылга кеч комуздуу болду. 
© Фото / Нурзат АбдырашитоваЗалкардын алган сыйлыктары
Рабочий кабинет акына-импровизатора Элмирбека Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Залкардын алган сыйлыктары
***
Мен мындан ары өз чечимдеримден баары бир кайтпайм. Тагдыр баарынан күчтүү. Кудай айткандай болот. Бирок аракет кылам. Мен канчалык дени сак болсом, биздин үй-бүлөнүн турмушу ошончо жакшы болот. Башкача айтканда, уйуңду арыктатпай, жүдөтпөй баксаң, ал ошончолук жакшы сүт берет дегендей...
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен - Sputnik Кыргызстан
Элмирбектин жаштыгы, сүйүүсү, тагдыры. Алп акындын сүрөттө калган ирмемдери
Балдарымды эрезеге жеткирип Элханга чейин турмуштарына жардам бергим келет. Ал үчүн ден соолукта жашашым керек.
Чыгармачылык менин экинчи негизги өмүрүм, ал урпактарыма чейин пайдасын эле тийгизет. Жана да бул жашоодогу менин миссиям.
Бир келген өмүрдү майнаптуу, таттуу, көңүлдүү жашагым келет. Себеби жакшыбы, жаманбы, ушул деңгээлге келишим үчүн да далай көп мээнет жумшагам. Жашым кырктан ашты.
Келечегим жакшы болушуна терең ишенгим келет. Бир эскертчү нерсе — мен үчүн үй-бүлө эң маанилүү институт.
17.01.2019 
***
Эртең менен "Айтыш" мектебинин 10 күндүгүнө бардым. Ашыке, Туке устаттарыбыз баш болгон акындарга туугандарынын саламын айттым.
Мамбетасан Токталынын аманатын Тууганбай байкесине айттым. Жусуп Мамайдын "Манас" китеби Садык Шер-Нияздын колуна кут болуп тийди.
Журналист, акын Зайырбек Ажыматов жана кыргыз эл акыны Элмирбек Иманалиев жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зайырбек Ажыматовдун уулу Назым: Элмирбек аганын бүлөсү менен эми катыша баштадык
Ачканда эле Жусуп Мамай ага арабча мындай деп жазган:
"Садык Шер-Нияз уулуна арналды. Элиңден келгендерден уктум. Эл арасына эмгек сиңирип атыпсың, эсен бол. Эл үчүн эмгек кылган киши жалтайбас керек!"
2005-жыл, 10-ай, 26-күн, Жусуп Мамай
(Бул үзүндү Элмирбек Иманалиевдин кытайлык кыргыздарга барып келгенден кийин жазганы)
Эске салсак, улуу акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган.
Жаңылыктар түрмөгү
0