Мамлекеттик сырды ачкан, пара алган. Импичментке кабылган президенттер

© REUTERS / CHERISS MAYАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоого макулдугун берди. Чечимди 232 конгрессмен колдогон. Алардын ону Трампка партиялаш болгон республикачылар.
Трамп 6-январдагы Капитолийге кол салуу окуяларына байланыштуу өз тарапташтарын "козголоң чыгарууга үндөгөн" деп айыпталууда. АКШ тарыхында төмөнкү палата эки жолу импичмент жарыялаган президент катары калган Трамптын тагдырын эми Сенат чечет.
Дүйнө тарыхында импичментке кабылып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон президенттердин саны көп. Sputnik Кыргызстан агенттиги аларды тизмектеди.
Импичмент англис тилинен ишеним көрсөтпөө дегенди билдирет. Бул бир катар өлкөлөрдө жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароонун өзгөчө тартиби. Республикалык башкаруу таризиндеги айрым мамлекеттерде президент мамлекеттик чыккынчылыкка барса же конституцияны бузса импичмент жарыяланат. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы президентке айып тагат. Акыркы чечимди жогорку соттордун бири кабыл алат. Сот парламенттин чечимин күчүндө калтырса өлкө башчысы кызматтан кетет. Кызматтан четтетилгенден кийин соттук органдар тарабынан кылмыш жазасына тартылуусу толук мүмкүн.

Мартин Вискарра (Перу, 2018-2020)

© AFP / Renato PAJUELO / ANDINA Мартин Вискарра
Бывший президент Перу Мартин Вискарра  - Sputnik Кыргызстан
Мартин Вискарра
Перунун башчысы Мартин Вискарра 2020-жылы 9-ноябрда коррупцияга айыпталып кызматынан кол жууган. Өлкөнүн конгресси аны 2011-2014-жылдар аралыгында Мокегуа аймагынын губернатору болуп турган кезинде пара алган деп күнөөлөгөн. Импичменттин козголуусуна төрт күбөнүн көрсөтмөсү себеп болгон. Алар Вискарра аймакты башкарып турган кезинде курулуш жаатындагы иштерге мыйзамсыз аралашып коррупцияга жол бергенин айтышкан. Негизги айып катары болочоктогу ажо кымырган 600 миң АКШ доллары көлөмүндөгү пара көрсөтүлгөн.

Пак Кын Хе (Түштүк Корея, 2013-2017)

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПак Кын Хе
Бывший президент Южной Кореи Пак Кын Хе  - Sputnik Кыргызстан
Пак Кын Хе
Түштүк Кореянын парламенти президентке 2016-жылы 9-декабрда импичмент жарыялаган. Аны ажолуктан четтетүү үчүн 234 депутат макулдугун берип, 56 эл өкүлү каршы болгон. Импичменттин себепкери президенттин көп жылдык жакын курбусу Чхве Сун Силь болгон. Өлкөнүн "көшөгө артындагы" чыныгы лидери аталган Чхве Сун Силь эч бир расмий кызматты ээлебесе да маанилүү саясий иштерге кийлигишип, мамлекеттик деңгээлдеги сырларга ээ болуп, атүгүл президенттин сүйлөй турган сөздөрүнө чейин жазып берип тургандыгы ачыкка чыккан. Муну менен эле чектелип калбай ири корпорациялардан 72 миллион доллардан ашуун акчаны опузалап өндүрүп алган деп да айыпталган.
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Канжалаган аял, полиция менен кагылышкан Трамптын тарапташтары. Видео
2017-жылы10-мартта өлкөнүн Конституциялык соту парламенттин чечимин бир добуш менен күчүндө калтырып, Пак Кын Хени кызматынан алып, кол тийбестигинен ажыраткан. Арадан жыйырма күн өткөн соң камакка алынган. Сот отурумунун жыйынтыгында мурдагы ажо коррупцияга, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана парламенттик шайлоого аралашкан деп айыпталып 25 жылга абакка кесилип, 17,8 миллион доллар айып пул салынган.

Дилма Русеф (Бразилия, 2011-2016)

© AP Photo / Eraldo PeresДилма Русеф
Бывший президент Бразилии Дилма Русеф - Sputnik Кыргызстан
Дилма Русеф
Дилма Русефтин импичменти 2015-жылы башталган. Бразилиянын сенаты 2016-жылы 31-августта гана президенттин импичменти үчүн добуш берген. Ажого мамлекеттик бюджеттин абалы боюнча туура эмес маалымат берген деген күнөө коюлган. Ошондой эле Бразилиянын мамлекеттик ири мунай компаниясынын айланасындагы коррупция боюнча да шек-күмөн жаралгандыгы айтылган. Русеф ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна албай оппозицияны айыптаганы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Фернандо Луго (Парагвай, 2008-2012)

© AFP / NORBERTO DUARTEФернандо Луго
Бывший президент Парагвая Фернандо Луго  - Sputnik Кыргызстан
Фернандо Луго
Вашингтондогу Капитолийдин имаратынын алдында полиция менен кагылышуу учурунда Трампты колдогон демонстранттар көздөн жаш агызуучу газ булуту менен капталыпп жатыша - Sputnik Кыргызстан
Ыркы кеткен АКШнын кооптуулугу артабы? Сереп

Роландас Паксас (Литва, 2003-2004)

© AP Photo / MINDAUGAS KULBISРоландас Паксас
Бывший президент Литвы Роландас Паксас  - Sputnik Кыргызстан
Роландас Паксас
Литванын башчысы Роландас Паксас кызматын болгону бир жыл гана аркалай алган. Өлкө парламенти Сейм ажону мамлекеттик сырды бузганы, менчиктештирүүнүн жүрүшүнө кийлигишкени үчүн күнөөлүү деп тапкан. Муну менен Роландас Паксас Европада импичмент жараяны аркылуу кызматтан четтетилген алгачкы президент болуп калган.

Абдуррахман Вахид (Индонезия, 1999-2001)

© AFP / SINEAD LYNCHАбдуррахман Вахид
Бывший президент Индонезии Абдуррахман Вахид - Sputnik Кыргызстан
Абдуррахман Вахид
2001-жылы Индонезиянын парламенти өлкө башчысынын импичментин бир добуштан колдогон. Ал өлкөдөгү экономикалык каатчылыкты оңдой албай, бир катар саясий жана диний топтордун, ошондой эле армиянын өзүнө каршы чыгуусуна себепкер болгон. Абдуррахман Вахиддин кызматта калуу аракетин жөнөкөй калк да колдогон эмес.

Альберто Фухимори (Перу, 1990-2000)

© AP Photo / MARTIN MEJIAАльберто Фухимори
Бывший президент Перу Альберто Фухимори - Sputnik Кыргызстан
Альберто Фухимори
Кыргызстандын желегин жана Конституциясын көтөрүп бараткан Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР президенти кандай шартта мөөнөтүнөн мурда кетет. Жол-жобосу

Карлос Андрес Перес (Венесуэла, 1989-1993)

© AP Photo / JOSE CARUCIКарлос Андрес Перес
Бывший президент Венесуэлы Карлос Андрес Перес  - Sputnik Кыргызстан
Карлос Андрес Перес
Венесуэланы эки жолу башкарган Карлос Андрес Перес экинчи мөөнөтүндө импичментке кабылган. 1993-жылы өлкөнүн Улуттук конгресси аны коррупцияга аралашкан деп айыптаган. Ал өкмөттүн фондунан 250 миллион боливарды "өз чөнтөгүнө салган" деп күнөөлөнгөн. Перес импичмент жарыялангандан кийин өлкөдөн качып, сырттан жазага тартылган. Мурдагы ажо 2009-жылы АКШнын Флорида штатында каза болгон.

Фернандо Колора ди Мелу (Бразилия, 1990-1992)

© AFP / JULIO PEREIRAФернандо Колора ди Мелу
Бывший президент Бразилии Фернанду Колор ди Мелу - Sputnik Кыргызстан
Фернандо Колора ди Мелу
Өлкө конгрессинин төмөнкү палатасы коррупция менен айыпталган Фернандо Колора ди Мелугага импичмент жарыялаган. 441 эл өкүлү мындай чечимди колдогон. Мыйзамга ылайык чечим төмөнкү палатадан соң Сенатта добушка коюлган. Бирок президент алардын чечимин күтпөй кызматын тапшырган. Ошентсе да добуш берүү жүргүзүлүп сенат мүчөлөрүнүн да колдоосун тапкан. Мелу кызматтан гана кетип тим болбостон, сегиз жылга саясат менен алектенүүсүнө да тыюу салынган.

Абухасан Банисадр (Иран, 1980-1981)

© AFPАбухасан Банисадр
Первый президент Ирана Абольхасан Банисадр  - Sputnik Кыргызстан
Абухасан Банисадр
Абухасан Банисадр Ирандагы Ислам революциясынан кийин демократиялык жол менен шайланган өлкөнүн алгачкы президенти болгон. Бирок кызматына келгенине бир жылга жетпей өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик органы болгон Рахбар менен мамилеси бузулган. Ал иран-ирак согушунда аскерди жеткиликтүү башкара албагандыгы жана исламга туура келбеген иштерди жасагандыгы үчүн айыпталып импичмент жарыяланган. Өз өмүрүнөн корккон президент Францияга качкан.
Маалымат ачык булактардан алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0