КР президенти кандай шартта мөөнөтүнөн мурда кетет. Жол-жобосу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын желегин жана Конституциясын көтөрүп бараткан Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Кыргызстандын желегин жана Конституциясын көтөрүп бараткан Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алышкан. Президентке импичмент жарыялоо чакырыктары айтылууда. Кыргызстандын Конституциясында президенттин мөөнөтүнөн мурда кетүүсү үчүн төрт вариант каралган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Конституцияда президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуучу шарттар жазылган.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында оппозициялык күчтөрдүн митинги башталган. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон миңдеген киши Ак үйгө чабуул жасагандан кийин милиция менен кагылышуу болгон. Тиреш жети саатка уланып, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышкан. Ушундан кийин Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча сөздөр жүрө баштаган.

Конституцияда жазылган варианттар:

  • кызматтан кетүү тууралуу арыз;
  • импичмент;
  • ден соолугуна байланыштуу милдетин аткара албай калышы;
  • өлүмү.

Баш мыйзамда экинчи жана үчүнчү варианттар тууралуу кенен түшүнүк берилген.

Сооронбай Жээнбеков видео кайрылуу жасады

Импичмент

Президентти кызматынан өтө оор кылмыш жасады деген парламенттин айыптоосунун негизинде гана четтетүүгө мүмкүн. Ал башкы прокурордун корутундусу менен тастыкталышы керек. Төмөндө этаптары келтирилди:

— президентке айып тагуу тууралуу Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Мында эл өкүлдөрүнүн үчтөн бир бөлүгү демилгечи болуп, парламентте түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болушу шарт;

— экс-президент макамынан ажыратуу чечими депутаттардын үчтөн эки бөлүгү тарабынан күнөө тагылгандан үч айдан кеч эмес убакытта кабыл алынышы зарыл. Эгер маалынан өтүп кетсе, айып четке кагылат.

Координациялык кеңеш кандай функцияны аткарат

Ден соолукка байланыштуу

Эгер президент саламаттыгынан улам ыйгарым укуктарын аткара албай калса, Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде мөөнөтүнөн эрте бошотуу чечимин кабыл алат. Буга дагы ЖК депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу керек.

Президенттин милдетин ким аткарат

Жаңы өлкө башчысы шайлангыча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер спикердин буга мүмкүнчүлүгү жок болуп калса, кызматты премьер-министр же анын милдетин аткаруучу аркалайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын биринчи жана экинчи президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев каршылык акцияларынан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0